Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Таластагы салтанатка Роза Отунбаева катышты


ТАЛАС. Эгемендүүлүктүн 14-жылдыгына арналган Таластагы салтанат театрлаштырылган оюн-зоок менен башталды. Талас шаарынын мэри Марат Кашкаралиев, облус губернатору Искендер Айдаралиев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева чогулган элди эгемендүүлүктүн 14-жылдык мааракеси менен куттукташты. Андан соң облустук мекеме, ишкана уюмдарынын эмгек жамааттарынын майрамдык демонстрациясы өттү. Борбордук трибунада чогулган эл алдынын баш-аягы 60 жакын эмегек жамааты өз ийгиликтерин даңазалашты. Майрамдык шаң-салтанаттар демонстрациядан кийин оюн-зооктор менен коштолду. Эшим Кутманалиев атындагы шаардык стадиондо ордо жана футбол боюнча Казакстандын Тарас жана Талас шаарларынын командаларынын беттешүүсү өтсө, Райкан Алканов атындагы ат майданда улуттук спорттун беш түрү боюнча таймаштары өттү. Облустук өнөрпоздор Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте, Талас университетинин жаштары борбордук аянтта өнөр тартуулашты. Майрамдык салтанат түнкү фейерверк менен жыйынтыкталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG