Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Студенттер кошуну ар кандай иш-чараларга студенттерди күчтөп катыштырууга каршы


БИШКЕК. Кыргызстан студенттер кошуну Борбордук аянттагы майрамдык салтанатка студенттердин тартылышын сынга алган билдирүү таратты. Анда август айынын 15инен баштап эгемендик күнүнө карата салтанатка даярдыкка студенттердин күч менен катыштырылышы студенттердин укугун жана мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндөгү мыйзамды бузгандык деп жазылат. Студенттер кошуну ар кандай майрамдык, маданий жана саясий иш-чараларга студенттерди күчтөп аралаштырууну токтотууга чакырат. 31-августтагы Борбордук аянттагы салтанатка быйыл 900гө чукул студент катышты.

XS
SM
MD
LG