Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

Эгемендүүлүктүн 14 жылдыгы белгиленди


БИШКЕК. 31-августта Кыргызстанда эгемендүүлүктүн 14 жылдыгы белгиленди. Бул майрамга арналган салтанат Бишкектеги борбордук “Алатоо” аянтында болуп, аскердик парад өткөрүлдү. Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков майрамдык куттуктоосунда өлкөнүн экономикасын көтөрүү, социалдык маселелерди чечүүдө, коррупцияга каршы күрөшүүдө аткаруу бийлик өкүлдөрүнө темирдей тартип керектигин айтты. Ал ошондой эле Куралдуу күчтөр Атамекендин коопсуздугу үчүн аянбастан кызмат кылууга милдеттүү экендигин да белгиледи:

- Мамлекетибиздеги жана коомубуздагы маселелерди чечүү көпчүлүк учурда аскер кызматтарына көз каранды болот. Биздин милдетибиз саясий жана экономикалык реформаларды жүзөгө ашыруу. Элибиздин бакубат турмушу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун камсыздоо. Мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоо.

Аскердик параддан соң Бишкектеги ишкана-мекемелердин 10 миңге чукул өкүлү эмгекчилердин демонстрациясынан өтүштү. Майрамдык бул иш чарага президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG