Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

К. Бакиев: “Эл сыйлабаган бийликтин тагдыры кандай болоору белгилүү”


БИШКЕК. 31-август күнү кечинде Бишкектеги “Спартак” стадионунда театрлаштырылган майрамдык салтанат болуп, анда президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөдү. Эгемендикке чейинки жол абдан татаал болгонун белгилеген Курманбек Бакиев элдин бийликке болгон ишенимин кайтарыш үчүн колдон келген аракетти жасайбыз деди:

- Бүгүн республика жетекчилиги жана өкмөт элдин бийликке болгон ишенимин кайтарууга бардык аракетти жасайбыз. Биз бүгүн билебиз, эгер калк бийликке ишенбесе, колдобосо жана сыйлабаса ал бийликтин тагдыры кандай болоору белгилүү. Буга 24-марттагы окуя күбө.

Эгемендик күнүнө арналган салтанатты төкмө акындардын айтышы жана оюн-зоок программа коштоду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG