Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

Анжыяндагы кандуу окуяларды уюштурган айыпкерлердин үстүнөн сот иши 20-сентябрда башталат


Бул тууралуу улуттук радио аркылуу билдирүүсүндө өзбек президенти Ислам Каримов жарыялап, сот учурунда ачуу чындык ачыкка чыгат деп белгиледи:

- Тилекке каршы, биз ал окуяларды алдын ала токтото албадык. Коопсуздук кызматтары бизге убагында маалымдай албады, алдын ала ал окуяларды болжолдогонго дарамети жетпеди, туура маалымат топтогон жок, тыңчылары тийиштүү түрдө иштеп бере албады.

Укук коргоо уюмдары Анжыянда өзбек аскерлеринин огунан 700дөн ашуун киши курман болду дешсе, бийликтегилер 187 адам набыт кеткенин кайталап келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG