Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

БИР ЖЫЛ ӨТКӨНДӨН КИЙИН ДАГЫ БЕСЛАН ОКУЯСЫ БОЮНЧА СУРООЛОР КӨП


Нарын АЙЫП, Прага Беслан окуясы болгонуна бир жыл толгону менен, тергөө иши бүтө элек, ал эми курман болгондордун туугандары бийликке көптөгөн күнөө тагууда. Журналисттер менен көз карандысыз саясатчылар дагы жоопсуз калган суроолорду коюуда, чечен козголоңчуларынын башчысы Шамил Басаев болсо жакында Беслан окуясын - орус коопсуздук кызматы уюштурган провокация деп атады.

Окуя боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын доклады эмгиче жарыялана элек, ошондуктан эл арасында ар башка пикирлер айтылууда. Ал комиссия менен кошо өзүнчө жергиликтүү да комиссия түзүлгөн, бирок анын орчундуу тергөө жүргүзүүгө кудурети жетишсиз. Тирүү калган террорчу Нурпаши Кулаевдин үстүнөн жүрүп жаткан сотко катышкандар болсо акыркы мезгилде террорчуларды гана эмес, орусиялык жана түндүк осетиялык бийликтерди да күнөөлөй баштады. Түндүк Кавказ боюнча орус президентинин өкүлү Дмитрий Козак менен араздаша кеткен Түндүк Осетиянын президенти Александр Дзасохов кызматынан чегинди, анын ордун баскан Таймураз Мамсуров дагы тергөөчүлөргө нааразы.

2004-жылдын 1-сентябрында террорчулар Беслан шаарындагы мектепти басып алып, анын ичиндеги бир миң эки жүзгө жакын адамды барымтага алган. Орус жетекчилиги болсо 354 адам барымтага алынды деп башынан тартып жалган маалымат тараткан. Террорчулардын саны 32 болчу деген маалымат да күмөнгө салынууда, анткени алардын айрымдары качып кутулуп кеткен деген маалымат бар.

Үч күн бою Осетиянын да, Орусиянын да жетекчилиги террорчулар менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартып келген, бирок ал үч күндүн ичинде туткундагыларды бошотуу боюнча штаб да түзүлгөн эмес. 3-сентябрда башталган коолагаң эмнеден чыкканы да эмгиче так белгисиз - айрым маалыматтар боюнча, бийликтин эч нерсе жасабаганын көргөн жергиликтүү тургундар мектепке өздөрү чабуул баштаган, башкалардын айтымында болсо көзгө атар орусиялык мерген бир террорчуну атып өлтүргөн, анын буту бомбанын дүрмөтү менен байланышкандыктан, мектепте жарылуулар башталган. Натыйжада 331 туткун курман болду, алардын бир жүз сексен алтысы - балдар.

Өзүн ачык эле террорчумун деп атаган Шамил Басаевдин айтымында, Орусиянын коопсуздук кызматы Бесландан бир жыл мурда Владимир Ходов деген жигитти кармап, ага эки-үч террор аракетин жүзөгө ашырууга жардамдашкан. Антип террорчу деген атка конгон Ходов кийин Басаевке келип, анын жоокерлеринин катарына кошулган жана 6-сентябрда Түндүк Осетиянын өкмөтүнүн имаратына чабуул жасоо демилгесин көтөргөн. Коопсуздук кызматы болсо ал окуя учурунда Басаевди баш кылып, чечен террорчуларын туткунга алмак. Бирок аны билип калып, биз планды өзгөртүп, мектепке кол салдык, дейт Басаев.

Барымтада кармалгандардын айтымында, Ходов чындап эле окуя алдында Беслан шаарында ачык жүргөн жана издөөгө салынган ал террорчуну эч ким кармаган эмес. Мектепте окуган 10-жашар баланын айтымында болсо, жаңы эле оңдолгон мектептин ичинде алдын ала курал жашырылган жана террорчулар ал баланы ошол куралды жер төлөдөн алып чыгарттырткан. Мектеп деректири Лидия Целиева болсо ремонт жасаган адамдардан шек санаган эмес жана кийин өзү үч күн барымтада отурган.

Туткунда отуруп чыккан жана 13-жашар кызы Элвираны жоготкон Светлана Маргиеванын айтымында, барымта ушунчалык кандуу аяктаарына ал ишенген эмес:

- Мынчалыкка жетет деп биз ойлогон эмеспиз. Бийлик бизге жардам көрсөтөт деп мен өзүм толук ишенгем. Биз аларга чын дилибизден ишенгенбиз. Мен өзүм ишенгем жана балдарды дагы - бизге сөзсүз жардам көрсөтүшөт деп ишендиргем. 'Бизди өлтүрөбү?'- деп алар сураганда, биз аларга - албетте өлтүрбөйт деп жооп берип турганбыз.

Жарылуулар башталганда жараат алган Светлана эс-учун жоготкон, эсине келгенде болсо, колундагы кызы өлүп жатканын көргөн.

XS
SM
MD
LG