Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

КОЗГОЛОҢЧУЛ ӨКМӨТКӨ БАСАЕВ КОШУЛДУ


Чечен козголоңчуларынын колбашчысы Шамил Басаев Ичкериянын өкмөтүнө кайра кошулду жана вице-премьерликке дайындалды. Бу кабар көпчүлүк байкоочулар менен аналитиктер үчүн күтүүсүз жаңылык болду. Радикал атыккан Басаев Бесландагы жана башка жерлердеги террордук балааматтар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган эле. Анын өкмөткө кайра киришин эксперттер чечен козголоңчулары өз күчтөрүн кайра бириктирип, аракеттерин радикалдаштырганга аракет кылып жатканын көрсөтөт дешет.

Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Алексей Малашенконун айтымында, козголоңчулар күр-күчүн бириктиргенге аракеттенип жатканы шексиз. Басаев Дубровкадагы окуялардан соң өкмөттөн чыгып кеткен болчу. Ошондуктан бу жерде Басаевдин кайтып келиши менен козголоңчулар радикалдашабы? – деген да суроо пайда болот. Албетте, радикалдашат. Мында күмөн жок. Бирок муну алар кандай ыкмада жүзөгө ашыра алат, маселе мына ушунда, дейт Малашенко.

Быйыл жазда орус аскерлери Аслан Масхадовдун көзүн тазалаган соң Ичкериянын жаңы президенти Абдул-Халим Сайдуллаев кыймылдын ичиндеги байистүү жана радикалдуу тараптардын башын коштурганга умтула баштаганына башка эксперттер,анын ичинде Аслан Дукаев да кошулат. Сайдуллаев менен Басаевдин алакасы өтө деле жакшы эмес дешет. Андыктан жаңы өкмөттө, жалпы кыймыл ичинде ал Басаевдин таасирин арттыргысы келет өңдөнөт.

Жаңы өкмөттүн тышкы иштер министрлигине дайындалган Осман Ферзаули азыр чет өлкөдө баш калкалап жүрөт. Анын айтымында, Басаевдин мурда өкмөттөн чыгарылганы Бесландагыдай террордук иштерди жасаганга ага мүмкүнчүлүк берди. Басаевди ал солдат деп атап, коргоо кеңешинин чечимдерине баш иерине ишенич билдирди.

Басаевдин өкмөткө киргенине Даниянын тышкы иштер министри Пер Стиг Мюллердин ичи чыккан жок. “Басаев өңдүү террорчунун кабинет мүчөсү болгону чечен козголоңчуларынын эл аралык кадырын түшүрүшү ыктымал», - деп айтты ал. Буга байланыштуу Ферзаули каяша собол коюп, бул аброй жөнүндө эч ким, эч качан сөз кылбаганын эске салды.

Чечендердин дүйнөлүк конгрессинин төрагасы Дени Тепс да ушундай ойдо. Сүйлөшүүлөрдү өткөрүү, тынчтыкка келүү жөнүндө кептердин баарына не Россияда, не Батышта кулак кагышпагандыгын айтып, Тепс мындай шартта коргонуу үчүн баштагыдай ыкмалардан башка эч кандай арга калбаганын белгиледи. Тепстин айтымында, Басаевдин өкмөткө кайра кошулушу менен козголоңчулардын активдүүлүгү артат. Бирок башка эксперттер мындан кадиктенет.

Аслан Дукаевдин болжолунда, козголоңчулардын байистүү жана радикалдуу жааттары орток тил таба аларына ишенич аз. Алексей Малашенко болсо козголоңчулардын баары эми Чеченстанда чоң күч болбой калды, калк арасында да колдогондор азайды, анткени чечендер согуштан тажап бүттү деген ишенимде.

XS
SM
MD
LG