Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:37

ТИБЕТ АВТОНОМИЯСЫНЫН МААРАКЕСИН КЫТАЙ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕДИ


Нарын АЙЫП, Прага 1-сентябрда Тибеттин борбору Лхаса шаарында Тибет автономиялык дубанынын түзүлгөнүнүн 40 жылдыгы салтанаттуу белгиленди жана шаарда аскерий парад менен башка шаан-шөкөттөр өткөрүлдү. Анткен менен Тибеттин руханий жетекчиси Далай-лама 46 жылдан бери сүргүндө жашайт, дубан калкынын арасында болсо кытайлыктардын үлүшү улам өсүп баратат.

Кытай жетекчилигинин айтымында, 40 жылдын ичинде дубандын дүң өндүрүшү үч эсеге көбөйдү жана анын эли эбегейсиз өнүгүү жолунда, бирок жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттердин пикиринде, Тибет акыркы жылдарда өзүнүн нукура маданиятын жогото баштады жана ар башка ири экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу шылтоосу менен Тибетте ассимиляция саясаты күчөп баратат. Мисал үчүн, акыркы үч жылда Бээжин узундугу эки миң чакырымга жеткен Цинхай-Тибет темир жолун курууга эки миллиард доллардан ашык каражат сарптады жана 2007-жылы аяктай турган курулуш менен байланыштуу эки жарым миллион гана калкы бар Тибетке көптөгөн миң ханзу көчүп келүүдө.

"Тибет боюнча эл аралык кампания" деп аталган уюмдун Амстердам шаарындагы бөлүмүнүн аткаруучу деректири Церинг Жампанын айтымында, мындай ассимиляция - Бээжиндин катаал саясатынын ажырагыс бөлүгү:

- Эбегейсиз өнүгүү жөнүндөгү сөздөр Тибет маданияты менен динине каршы жүргүзүлгөн саясат канчалык катаал экенин көрсөтөт. Аны менен тибеттиктер Кытайдын экономикалык өнүгүүсүнө жуурулушуп, өзүнүн өзгөчөлүгүн жоготот.

Лондон шаарында жайгашкан "Эркин Тибет үчүн кампания" деген уюмдун деректири Элисон Рейнолдстун айтымында, ири инвестициялар жасалгандыктан Тибет экономикалык жактан өнүгүүдө, бирок андан негизги пайда Кытайдын өзүнө тийүүдө:

- Абдан ири инвестициялар жасалып жатканынан Тибет калкынын басымдуу көпчүлүгү пайда көрбөйт. Алар үчүн такыр башка өнүгүү керек. Анын ордуна ири жолдор курулуп жатат жана аны менен регионго көптөгөн ханзулар көчүп келип, Тибеттин дини менен маданиятына эбегейсиз басым жасалууда.

Борбор калаа Лхасанын калкынын жарымынан көбүн азыр ханзулар түзөт жана башка ири шаарларда дагы алардын үлүшү улам өсүп баратат. 1949-жылы Кытайдагы бийликке коммунисттер келгенден бир жыл өтпөй алар Тибетке аскер киргизип, ага чейин дээрлик эркин өнүккөн дубанды басып алган жана Тибет өкмөтүнүн Бириккен Улуттарга жазган арызы да ал оккупацияны токтото алган эмес.

Ал кезде 16 гана жашка чыккан Далай-лама Бээжин менен сүйлөшүү өткөрүүгө аракеттенген, бирок Тибетте андай оторчулукка каршы бир нече көтөрүлүш чыккан, алардын бири канга жуурулуп басылгандан кийин 1959-жылдын мартында Далай-лама кошуна Индияга качууга аргасыз болгон жана анын жетекчилигиндеги Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү эмгиче Дхармасала шаарында жайгашат.

Далай-ламанын Тибеттин эгемендүүлүгү үчүн тынчтык ыкмалары менен күрөшкөнү 1989-жылы Нобел сыйлыгына татыды, акыркы мезгилде болсо ал толук эгемендүүлүк эмес, кеңири автономия тууралуу гана айта баштады. Анткен менен Кытай жетекчилиги Далай-ламаны жана сүргүндөгү башка тибет жетекчилерин Кытайга 46 жылдан бери турист катарында да киргизбейт. Азыркы учурда 100 миңге жакын тибеттик адам сүргүндө жашайт.
XS
SM
MD
LG