Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

БАЛААМАТ ИРАКТЫКТАРДЫН БАШЫН КОШТУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ирак кандуу тополоңдо каза болгондорго аза күтүп жатат. Тигр дарыясындагы көпүрөдөгү баш аламандык миңдеген шии мусулмандар ыйык туткан имамы, мындан бир миң жыл мурда шейит кеткен Муса Ал-Кайимдин арбайына сыйынганы бараткан кезде чыккан. Быкылдаган элдин ичинен бирөөлөр "азыр жан кечти террорчулар бомба жардырышат" деп кыйкырышкан.Натыйжада андан чыккан тополоңдо миңге жакын киши курман болду. Ирактын өзүндө жана чет өлкөдө бул трагедиянын жоопкерчилиги террористтерге жүктөлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, Багдадда шаршемби күнү болгон тополоңдон каза болгондордун саны 965 кишиге жетти. Бирок Ирактын бийликтери Багдаддын ооруканаларына жеткирилген өлүктөрдү саноо улантылып жатканын белгилеп, бул көрсөткүч жогорулашы мүмкүн экенин айтып жатышат.

Анын аралыгында, бүгүн Багдадда тополоңдо курман болгондордун бир кыйласы акыркы жайына койулду. Багдаддын шиилер отурукташкан Садр деген жеринде атайын чатырлар тигилип, өлгөндөрдүн жаназасы түшүрүлдү.

Багдаддагы кабарчыбыз ал-Хайдаринин айтымында, Имам ал-Казимиянын сөөгү койулган жерге агылып жаткан миңдеген зыяратчылардын ичинде бомбадан сак болгула, деген кыйкырык чыккан.
- Сак болгула, азыр бомба жарылат, деп кыйкырган кимдир бирөө. Бул сөз быкылдаган кишилердин ичинде бир заматта тополоң салып, мечитти карай агылып жаткан эл, кайра бурулуп, ал жерден шашылыш кетүүгө аракеттенген. Артка агылгандар, мечитке бараткан элдин агымына туш болуп, эки ортодо сыгылыш, тополоң чыккан.

Жүздөгөн кишилер тепсендиде калып өлдү. Башкалары болсо жанын ала кача көпүрөдөн секиришкен, дагы бирөөлөрү адамдардын кысымына туруштук бере албай сынып кеткен көпүрөдөн сууга кулап, жан берген. Жакын жердеги суннилер жашаган чөлкөмдөн ондогон кишилер сууга агып бараткандарды куткарууга ашыккан.

Ирактын коопсуздук маселелери боюнча жооптуу кызматкери Мувафак ал-Рубайи ак ниеттен жардам берип жаткандарга ыраазычылыгын билдирди:

- Сектанттык бөлүнүп-жарылууга алдырбастан, патриоттуулугуңарды көрсөтүп, адамкерчилик кылганыңарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Суннилер жашаган ал-Адхамияхтын тургундарына ыракмат айтам. Алар шии зыяратчыларга жардамга келишти, бул Ирак элинин биримдигин көрсөтүүдө.

Жакын жердин тургундары болсо туугандарынын өлүктөрүн издеп жүрүшкөндөргө баш баана беришкен.

- Үй-бүлөлөр балдардын өлүктөрү мечитке жеткирилгенге чейин жакын жердеги үйлөрдө болушту. Бул кайгылуу окуяны сүрөттөгөнгө сөз жетпейт. Бул бардык мусулмандардын башына түшкөн кайгы болду,- деп айтты Мухамад Касси деген адам «Рейтердин» кабарчысына бейшемби күнү.

Мусулмандардын шии агымынын негиз салуучуларынын бири болуп эсептелген имам Муса ал-Кайимдин мүрзөсүнө барып сыйынуу үчүн жыл сайын ушул маалда өлкөнүн ар тарабында жашаган миңдеген шии мусулмандары Багдадка чогулушат. Зыяратка ошондой эле Багдаддын өзүндө турган шиилер да жандуу катышат.

Суннилер үстөмдүк кылган Саддамдын режиминин учурунда мындай массалык зыяратка уруксат берилүүчү эмес. «Эркин Ирак» радиосунун кабарчысы ал-Хайдари ыйык туткан имамдын арбайына сыйынуу үчүн көптөгөн шиилер бир нече күн жөө жол жүрүшкөнүн айтат.

- Мен Багдаддан алыс чөлкөмдөрдө турган көптөгөн кишилерди көрдүм. Алар күнү бою жол жүрүп, түн ичинде уктап, Муса ал-Кайимдин мүрзөсүн көрүп, анын арбайына сыйынуу үчүн эки-үч күн жөө жүрүп келишиптир. Ошон үчүн тополоңдо курман болгондор Ирактын ар кайсы жерлеринен келген адамдар, айрыкча түштүктөн келгендер көп.

Ирактын ички иштер министри Баян Жабор тополоңдун артында суннилдер турат, деп айыптап чыкты эле, бирок өлкөнүн коргоо министри, сунни -мусулман Саадуум ал-Дулайми бул трагедияга сектанттык бөлүнүп-жарылуу себепкер болгон жок, деп айтты. Еврошаркет менен НАТОнун жетекчилиги кандуу окуянын жоопкерчилигин террористтерге жүктөштү.

XS
SM
MD
LG