Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

“Эркиндик” партиясы парламентти таратуу боюнча кол топтоону улантууда


Аталган партиянын төрага орун басары Адылбек Касымовдун 1-сентябрда “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңешти таратууга макулдугун билдиришкен 100 миңге жакын адамдын колу топтолду. Бул иш чара октябрь айынын аягына чейин республиканын бардык аймактарында улантылат жана бул аралыкта аталган партия мүчөлөрүнүн 300 миң атуулдун колун топтоого толук мүмкүнчүлүгү бар.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо буга чейин кол топтоо демилгеси ар бир адамдын Конституциялык укугу экендигин белгилеп, эгерде Жогорку Кеңешти таратуу боюнча тиешелүү кол топтолсо жалпы элдик референдумга коюлуп, чечилээрин билдирген.

XS
SM
MD
LG