Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:32

Депутат Айдар Акаев жумушка чыккан жок


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаев 1-сентябрда ишке чыккан жок. Муну депутаттын адвокаты Максим Максимович Айдар Акаевдин өмүрүнө коркунуч келип жаткандыгы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, кылмыштуу топтор Москвага телефон чалып, коркутуп жатышат, ал эми Башкы прокуратура тарабынан Айдар Акаевге айыптар имиштердин негизинде тагылып жатат. Максимович муну далилдөө үчүн мыйзамдуу аракеттерди көрөрүн, депутаттар Айдарды мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алса, ал укугун сот аркылуу коргоорун да билдирди. Адвокаттын айтымында, Кемин округунун шайлоочулары депутатынын жагдайын калыс чечип берүүнү сурап Президентке, Башкы прокурорго жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Депутат Айдар Акаевдин маселесин парламент 2-сентябрда караары күтүлүп жатат. Аны депутаттык укуктан ажыратуу сунушун Башкы прокурор Азимбек Бекназаров парламентке июнь айынын этегинде берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG