Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Тандем күчүндө: Феликс Кулов - премьер-министр


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш Феликс Куловду премьер-министр кылып дайындоо тууралуу президент Курманбек Бакиевдин сунушун 55 добуш менен колдоду. Жашыруун добуш берүүгө 66 депутат катышып, алардын 8и каршы болду, 3өө жараксыз деп табылды. Эсептөө комиссиясына депутат Султан Урманаев төрагалык кылды. Парламент Куловдун талапкердигин 1-сентябрда түштөн кийин президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда карады. Президенттин сунушу парламентке 28-августта түштөн кийин келип түшкөн. Ал эми эки лидер президенттик шайлоонун алдында ушундай багытта кызматташуу тууралуу тандем түзүп, Феликс Кулов президенттик шайлоодон өз талапкердигин алып койгон.

XS
SM
MD
LG