Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Жогорку Кеңеш тыныгуудан кийинки алгачкы сессиясын баштады


БИШКЕК. Адегенде депутаттар сентябрь айынын күн тартибин карап, 60 маселе киргизишти. Андан соң Конституциялык кеңешменин төрагалыгын президент Курманбек Бакиевге ыйгаруу тууралуу токтом кабыл алышты. Бирок вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу жана депутат Адахан Мадумаров бул документтин токтом түрүндө кабыл алынышын мыйзамга каршы келет, анткени, парламент президентке буйрук бере албайт деп эсептеп, кайрылуу түрүндө кабыл алууну сунуштады. Төрага Өмүрбек Текебаевдин билдиргенине караганда, токтом долбоорун президенттик администрация даярдаган. Ушул эле отурумда премьер-министрликке Феликс Куловдун талапкердигине макулдук берүүнү сураган президенттин кайрылуусу жарыяланып, комитетке кароого сунушталды. Парламенттин чечими боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, сот-укук реформасы жана адам укуктары боюнча комитет дароо эле президенттин сунушун өзүнүн кеңейтилген отурумунда карап, кубаттады. Ал эми Жогорку Кеңештин сессиясынын ачылышына Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов, Башкы прокурор Азимбек Бекназаров катышты. Бул күнү парламент ошондой эле депутат Кабай Карабековдон ант алды.

XS
SM
MD
LG