Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

МЕКТЕП КӨЙГӨЙҮ, ТЕБЕЛЕНГЕН ТУУ, КЫРГЫЗЧА ДЕМОКРАТИЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ


Жаңы окуу жылы Кыргызстандагы мектептердин адам ыйларлык абалын ачыкка чыгарды. Ушу тапта мектептерде мугалимдер жетишпейт, окуу куралдары өп-чап, жарыбаган маянанын көзүн карагандар адистердин башка ишке кетип калуусу жылдан-жылга көбөйүп баратат. Жаңы окуу жылынын алдында кыргызстандыктар эгемендик күнүн майрамдашты. Кыргызстанда мурда демократияболгонбу суроосу ушу тапта кыргыз басылмаларында байма-бай талкууланууда.

«Кыргыз руху» гезитинин жума күнкү санында Башкы прокурор Азимбек Бекназаровго ачык кат жарыяланууда.

Эгемендик күнү «Алатоо аянтындагы оюн-зооктун бир жери катуу капа кылып турат,- деп жазышат гезиттин эмек жамааты,- ары-бери кураштырыла салган сахнага мамлекетибиздин туусун жайып салып, ошол желектин бетин тебелеп жүрүштү өнөрпоздорубуз!»

Бакиев менен Куловдун бириккени жакшы эле иш болду, дейт С. Сасыбаев ушул эле гезиттеги макаласында. Автордун болжолунда, эгер элдик референдумда Конституцияга өзгөртүү киргизилип, өкмөттү да президент өзү жетектесин деген сунуш өтүп кетсе Феликс Шаршенбай уулу ай талаада калып калабы?

Өкмөт демекчи, жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинин божомолуна ынансак, жаңы өкмөт башчынын орун басарлыгына Данияр Үсөнов менен Медетбек Керимкулов дайындалышы мүмкүн. Өнөр жай, соода министрине Амангелди Муралиев менен Эсенгул Өмүралиевдин, Транспорт жана байланыш министрине Жантөрө Сатыбалдиевдин, Каржы министрине Акматбек Келдибеков менен Муратбек Мукашевдин, Саламаттык сактоо министрине Алмазбек Исманкулов, Шайлообек Ниязов, Жеңишбек Назаралиевдин, Билим министрине Ишенгүл Болжурованын, Юстиция министрине Кубанычбек Бакиевдин, Тышкы иштер министрине Муртабек Иманалиев менен Лидия Иманалиеванын талапкерлиги сунушталып, калган министрлик жетекчилиги ушу тапта ээлеген ордунда калышы мүмкүн. Тышкы иштер министрине татыктуу беш талапкер тууралуу материалды «Агым» да жарыялады.

«Эркиндик» партиясынын жолбашчысы Топчубек Тургуналиев «Бишкек таймстагы» маегинде парламентти таратууга кол чогултуунун максаты тууралуу кеп кылат. Кыргызстанда партиялык тизме боюнча шайлоого өтүшү керек. Парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен партия өкмөт түзүп, аткаруу бийлигин ээлеши туура болот, дейт Т. Тургуналиев.

Бирок да шайлоо өткөрүү системасында Кыргызстанда мурда, азыр деле эч кандай өзгөрүү болгон жок, дейт профессор Салижан Жигитов ушул эле басылмадагы маегинде. «150 жылдан бери кыргызда шайлоо өткөрмөй салтында эч кандай прогресс болгон эмес экен. Азыр деле шайлоолор падыша заманындагыдай өтүп атапайбы», дейт профессор С. Жигитов. Окумуштуунун ушул эле темадагы дагы бир аңгеме-дүкөнү жума күнкү «Агым» гезитинде чыкты.

Жума күнкү «Аалам» гезити Билим министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулунун маегин жарыялады. Министрдин ырасташынча, Кыргызстандын мектептеринин 87% мышык ыйларлык абалда. 4 мектепте окууга мүмкүн эмес, быйыл курулушу бүтчү 142 мектептин 34ү гана даяр болду. 10 мектеп жараксызга чыгып, аларды оңдоо иштери кечигүүдө. Мектеп мугалимдеринин орточо айлык акысы 500 – 700 сом, 3,5 миңге жакын мугалим жетишсиз.

Ушу тапта Кыргызстан башынан кечирип жаткан саясий-экономикалык оорчулук кокустук эмес, буга чейинки жасаган-эткендерибиздин мыйзамченемдүү жыйынтыгы. Базарбай Мамбетовдун 2-сентябрдагы «МСН» гезитинде жарыяланган «Биз өзүбүз ушуга татыктуубуз» деген макаласында өлкөнүн кендирин кескен коррупция, ага башоту менен кирип кеткен бийлик, шордон арылбаган элдин үмүт-тилеги тууралуу кеп болот.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жооптуу кызматкери бишкектик бийкечти катуу токмоктоп, тапанчасы менен атып ийгенин бейшембидеги «Лица» гезити кабарлады. Элчинин тепкисин жеп, огунан жарадар болгон Олеся Михеева ушу тапта эсине келе албай ооруканада жатат. Орусия элчилиги чаарбаш кызматкерин Мекенине жөнөтүп ийип, ушу тапта чатакты жабыштын аракетин көрүүдө, деп маалымдайт «Лица» гезити.
XS
SM
MD
LG