Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

“АЛ-КАИДАНЫН” АВАНТЮРАСЫ


“Ал-Жазира” телеканалы быйыл 7-июлда Лондондо бомба жардырышкан төрт жанкечтинин жетекчиси делинген Мохаммед Сидик Хан жаздырып калтырган телетасманы көрсөттү. Кайрылууда Лондон өкмөтүнүн ислам дүйнөсүндөгү саясаты айыпталып, мунун кесири британдыктарга тийери айтылган. Телетасмага “Ал-Каиданын” жогорку төбөлдөрүнүн бири Айман ал-Завахири түшүндүрмө берген. Лондондогу иштерди ал “Ал-Каида” уюштурганын ырастап, Британиянын аймагында өч алуу акциялары улантыла тургандыгын эскертет.Эксперттер болсо мунун баарын “Ал-Каиданын” пропагандалык авантюрасы дешет.

Британдык көрөрмандарга жанкечтинин кайрылуусу аркы дүйнөдөн келген адам сүйлөп жаткандай таасир калтырды. “Мен кыска эле сүйлөйүн, анткени мен айта тургандарды буга чейин менден ашкан сөзмөр кишилер эчен ирет айтышкан. Биздин бир да сөзүбүз кулагыңарга кирген жок, ошондуктан мен силер түшүнө турган тилде сүйлөшкөнү баратам. Каныбызга жуурубасак сөзүбүз өлүк бойдон калат”, - деп айтылат Хандын кайрылуусунда.

Жанкечти өз сөзүндө бардык британдыктарды кароолго алынган бута деп атаган. “Силердин демократиялык жол менен шайланган өкмөтүңөр бүт дүйнөдө менин оолатташтарыма жасалган кыянаттарды мыйзамдаштырып жатат. Аны колдогонуңар үчүн силер да жоопкерсиңер, мен да мусулман боордошторум менен эже-сиңдилерим үчүн силерден өч алганга жоопкермин”, - делинет кайрылууда.

Хан бул күрөштө эч кандай мунаса болбой турганын эскерткен. “Биз өзүбүздү коопсуз сезмейинче силер биздин бутабыз болосуңар. Оолатташтарымы бомбалап, газга ууктуруп, камап, кыйнаганды силер койбосоңор, күрөштү биз да токтотпойбуз. Биз баарыбыз согуштабыз, мен болсо жоокермин. Эми силер бу кырдаалдын кандай экенин жон териңер менен сезесиңер”,- деп эскерткен жанкечти.

Британиядагы мусулман жамааты жана Лондондогу балаамат маалында мерт болгондордун урук-туугандары бул кайрылуунун телеканалдан көрсөтүлгөнүнө нааразылык билдиришти. Өлкөнүн тышкы иштер министри Жек Стро телетасмага байланыштуу полициянын тыянагын күтүп жатканын айтып, кандай болгон күндө да терроризмдин эч кандай түрүн актоого болбойт, кыянаттар-кыргындар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып жаткандардын исламдын атынан сүйлөгөнгө укугу жок, анткени андай адамдар өздөрү мусулмандарды өлтүрүп жатат, деп ырастады.

Хандын телекайрылуусун “Ал-Каида” төбөлдөрүнүн бири Айман ал- Завахири комментариялап, бул уюм өз фронтун эми Британияга которгонун ырастайт:

- Исламдын каракулак шери, мужахид шейх Усама бин Ладен, жараткан ага жар болсун, мусулман өлкөлөрүнөн баш тарткыла деп силерге, эмне, жарашууну сунуш кылбады беле? Бирок силер көгөрүп, кекирейип койдуңар жана кыянатчылыкты токтоткон жоксуңар. Тышкы иштер министриңер Жек Стро мындай сунуш жек көрүүгө гана арзыбаса, түккө турбайт деп айтпабыды?

Британ чалгындоо органдары Лондондогу окуяларга “Ал-Каиданын” тиешеси бар экенине али кадиксиз ишене элек. Хандын кайрылуусун да эксперттер түндүгү түшүрө чабылган “Ал-Каиданын” зоболосун көтүрүү максатында жасалган пропагандалык авантюра болушу мүмкүн дешет.
XS
SM
MD
LG