Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

АКШнын жаңы элчиси ишке киришти


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстанга жаңы дайындалган элчиси Мари Йованович 1-сентябрдан баштап ишке киришти. Буга чейин Йованович айым АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басарынын саясий кеңешчиси, Украинадагы элчинин орун басары жана Москвадагы элчиликте кеңешчи болуп иштеген. АКШнын Кыргызстандагы буга чейинки элчиси Стивен Янг эки жыл кызмат өтөгөндөн кийин Вашингтонго жөнөтүлдү. Стивенг мырза кетип жатып журналисттерге Кыргызстандын келечегине карата зор үмүт менен кетип жатканын айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG