Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

ЖАҢЫ ОРЛЕAНДАГЫ АСКЕРЛЕРГЕ КУРАЛ КОЛДОНУУГА УРУКСАТ БЕРИЛДИ


Соңку маалыматтарга ылайык, Кошмо Штаттардын Жаңы Орлеан шаарында бир нече жарылуу болду. Жарылуунун себептери азырынча белгисиз. Анын аралыгында, ураган менен суу каптоодон жапа чеккен шаарга Ирактагы согушта сынактан өткөн аскерлер жиберилди. Аларга шаарда өкүм сүргөн талап тоноолорду, баш аламандыкты токтотуу үчүн керектүү учурларда ок чыгарууга уруксат берилди.

Шейшембиде Луизиана штатындагы Жаңы Орлеанды коргоп турган тосмолор катуу шамалга туруштук бере албай, урап, шаардын 80 пайызы суунун астында калган эле. Үйлөрүн таштап, башка жерлерге шашылыш көчүп кетүү буйругуна карабай, шаарда болжолу менен 100 миңге жакын адам кала берүүдө. Алардын 25 миңдейи калаанын борборундагы атайын жайга топтолгон. Бирок санитардык нормалар сакталбаган ал жердеги кырдаал да оорлошуп баратат. Тамак-аш, дары-дармекке, кийим-кечеге муктаж элдин абалын жаңы орлеандык бир аял мындайча сүрөттөйт:

- Бул жерде уюштуруу иштерин өз колуна ала турган жоптуу адам жок. Улуттук гвардия, полициянын өкүлдөрү да көрүнбөйт. Элдин коопсуздугун камсыздаган, аларга кийим-кече, эң керектүү нерселерди таратып берүү үчүн бирөө керек.

Шаардын чукул кырдаалдар департаментинин жетекчиси Жозеф Мэтью кээ бир кишилер 3-4 күндөн бери ачка, суусуз отурушканын айтты.

Жаңы Орлеандын мэри Рэй Нэгин жергиликтүү радиого бейшембиде берген интервьюсунда өкмөттү жай иштеп жаткандыгы үчүн күнөөлөдү:

- Федералдык бийликтин бул жерде эмне болуп жаткандыгы жөнүндө түшүнүгү жок. Ураган токтоп, каргашадан эки күн өткөндөн кийин «Ассошейтед Пресстин» кабарчылары шаарды телекамералары менен бир айланып чыгышты. Катуу айтканым болсо кечирип койгула, бирок абдан ачууланып турам.

Америкалык айрым гезиттер Вашингтон терроризмге каршы соогушка артыкчылык берип, өз үйүндөгү табигый кырсыкка даяр эмес болуп чыкты деп, Буш администрациясын сындашууда. Башкалары болсо өкмөт кризисти туура жол менен чечип жатат деп ырасташат.

2-сентябрда Конгресс кырсыктан жапа чеккен аймакка 10 жарым миллиард доллар бөлүп берүү планын жактырды.

Анын аралыгында Луизиана штатынын губернатору Кэтлин Бланко билдиргендей, Ирактан жаңы эле кайтып келген Улуттук гвардиянын 300 жоокери Жаңы Орлеанга жиберилди. Аларга көчөлөрдөгү тартипти калыбына келтирүү вазийпасы жүктөлмөкчү. Талап-тоноолорду, зордук-зомбулукту токтотуу үчүн аскерлерге ок атууга урксат берилди.

Шаардык бейтапканада дарыланып жаткандарды көчүрүү аракети белгисиз көзгө атаар дарыгерлер менен аскерлерди аткылагандан кийин убактылуу токтотулду. Курмандыктар тууралуу расмий маалымат айтыла элек. Губернатор Бланконун болжолунда, алардын саны миңдеген адамга жетиши мүмкүн. Аман калгандарга жардам берүү менен алектенген куткаруучулар сууда агып жүргөн өлүктөрдү чогултууга азырынча убакыттары жок экенин айтышат.

Жума күнү урагандан жапа чеккен Түштүк жээкке президент Буш барды. Жолго аттанаардын алдында президент федералдык өкмөт кризисти жөнгө салуу үчүн бар аракетин жумшайт деп ынандырды:

- Оор абалга кептелген адамдарды, бардыгыңарды ишендиргим келет - кырдаалды көзөмөлгө алуу, зыян тарткан элге жардам берүү үчүн керектүү чаралар көрүлөт. Биз жер которууга мажбур болгондорго жардам көргөзүү жана калк жашаган аймактарды калыбына келтирүү пландарынын үстүнөн иштөөнү баштадык.

Шаардагы суунун деңгээли көтөрүлгөн жок. Бирок адистердин айтымында, ар кандай жугуштуу илдеттердин пайда болуу мүмкүнчүлүгү өтө жогору. Дүйнөнүн ар тарабынан Америка элине жардам берүү сунуштары түшүп жатат.

БУУнун баш катчысы Кофи Аннан 1-сентябрда атайын билдирүү жасады:

- Алаамат алып келген зыян биз буга чейин элестеткенден алда канча көп. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы ар кандай кырсыктардан жапа чеккен өлкөлөргө жардамын аябай келген америкалыктар эми өздөрү чоң апаатка туш болушту. Мен дүйнө жүзүндөгү бардык адамдардын атынан Кошмо Штаттардын элине жакшы санаабызды жана тилектештигибизди билдирип, жардамыбызды сунуш этем.

XS
SM
MD
LG