Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

“Ал-Каида” террордук чабуулдар токтотулбасын билдирди


“Ал-Каиданын” жетекчилиги июлда Лондондо болгон бомба чабуулуна канааттануусун билдирип, Батышка каршы дагы чабуул жасалаарын эскертти. “Ал-Жазира” телеканалы көрстөткөн тасмада уюмдун экинчи жетекчиси Айман Заркавини келечекте Иракка, Ооганстанга жана Палестинага каршы “агрессияга” катышкан өлкөлөр бутага алынат деп коркутту. Лондондогу бомбалоодо 52 киши өлгөн.

Экинчи бир видетасмада Лондондогу чабуулдун катышуучусу деп шектелген, теги пакистандык Мухаммед Сыдыки Хан Батыш жарандарын террордук чабуулдар үчүн жооптуусуңар деп күнөөлөдү:


- Силердин демократиялуу жол менен шайланган өкмөтүңөр менин бүтүн дүйнө жүзүндөгү адамдарыма каршы мыкаачылыгын улантууда. Силер аны колдоп, жоопкерчиликти тең бөлүшүүдөсүңөр. Силер сыңары мен да мусулман агайин-карындаштарымды коргоого жана алар үчүн өч алууга түздөн түз жооптуумун.

Видоетасмалардын качан жана кайжерде тартылганы беймаалым.

XS
SM
MD
LG