Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

ЖАҢЫ ӨКМӨТ БАШЧЫ ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР АР КЫЛ


Азиза Турдуева, Бишкек 1-сентябрда өлкөнүн өкмөт башчылыгына президент сунуштаган талапкерликке Жогорку Кеңеш макулдугун берип, жума күнү Феликс Кулов премьер-министр болуп дайындалганы белгилүү. Куловдун премьер-министрлик кызматка келиши боюнча коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда.

Көпчүлүктүн пикиринде, Феликс Куловдун өлкөнүн премьер-министр болушу президенттик шайлоо алдындагы Меморандум менен шартталган. Айрым серепчилер июль айындагы президенттик шайлоонун бир айлампада, тынч өтүшү Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосунда түзүлгөн өз ара келишимге да байланыштуу болгондугун белгилешет. Бирок президенттик шайлоо тандемсиз деле ийгиликтүү өтүп, Бакиев президенттикке шайланмак деген пикирлер да жок эмес.

Көпчүлүк саясатчылардын, бийлик өкүлдөрүнүн пикиринде, өкмөт башчылыгына Феликс Куловдун талапкерлиги туура тандалып алынды. Алардын бири, Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмоновдун бул маселеде пикири төмөнкүчө:

- Биздин Конституцияга ылайык, аткаруу бийлиги - өкмөт негизги мыйзам чыгаруу укугуна ээ субъектилердин, демилгечилердин бири болуп эсептелет. Бул жагынан юридикадык билими бар Феликс Шаршенбаевич элдин турмушуна түздөн-түз таасир этүүчү мыйзамдарды иштеп чыгып, аны Жогорку Кеңешке сунуш кылууда мен ойлойм, жакшы иштерди жасайт. Анан ал буга чейин шаардын, облустун жетекчиси болуп, чарбалык жактан да бир топ тажрыйба топтогон. Ошондуктан, Феликс Кулов өлкөнүн экономикасын алдыга жылдырууда бир топ өбөлгө берет го деген ойдомун.

Феликс Куловдун премьер-министрликке келишин мурдагы бийликтин айрым өкүлдөрү да колдошууда. Маселен, эски бийликте жооптуу кызматтарда иштеп келген Болот Жанузаков буга байланыштуу мындай дейт:

- Премьер-министрликке Ф. Куловдун талакердиги эң туура тандалды. Анткени, ал бул кызматка даяр саясатчы деп эсептейм. Кулов тажрыйбалуу юрист, ал ошондой эле губернатор, шаар башчысы болуп иштеген кезинде да өзүн жакшы жактан көрсөтө алган. Менин пикиримде, Ф. Кулов премьер-министрлик кызматты сөpсүз алып кете алат.

Ал эми айрым саясатчылар Феликс Куловдун мурдагы системада иштегендигин белгилешип, анын талапкерлигин эң мыкты деп айтуудан алыс экендиктерин билдиришүүдө. «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев да ушундай пикирде:

- Эми президент Курманбек Бакиев Феликс Куловдун талапкерлигин алардын ортосунда түзүлгөн Меморандумга ылайык көрсөттү. Бирок мен Куловдун талапкердиги эң туура тандалып алынды, анын башкаларга караганда өтө өзгөчө башкаруу сапаттары бар деп айтуудан алысмын. Кулов коррупцияга каршы күрөшүп, азыркыдай оор учурда өлкөнү өнүгүү жолуна алып чыгып кете аламын деп атат. Аны эми жакынкы айлар көрсөтөт.

Саясатчылардын бир бөлүгү Куловдун премьер-министрлик кызматын жакшы алып кетүүсү анын командасынын курамына жана ошол команданын бирдиктүү иштеп кете алгандыгына байланыштуу болот, деген көз карашта. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков мындай дейт:

- Эми Куловдун ишти алып кетиши анын командасына кандай адамдар келет, алар биримдикте иштейби – мына ошого байланыштуу болот. Мисалы, коррупцияга каршы күрөшүүдө бир гана премьер-министр эмес, калган өкмөт мүчөлөрү да жигердүү күрөш алып барышы керек.

Серепчилердин көз карашында, өкмөт башчысынын эффективдүү иш алып барышы ошондой эле Конституциялык реформа аркылуу премьер-министрдин ыйгарым укукарынын кеңейтилишине да байланыштуу болот. Жакында парламентте кабыл алына турган «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамда да, өкмөткө өлкөдөгү социалдык-экономикалык тармактардагы маселелерди чечүү боюнча көбүрөөк укуктар ыйгарылышы керек.
XS
SM
MD
LG