Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Беслан барымтасынын бейкүнөө курмандыктары эскерилүүдө


Бүгүн Орусиянын Түндүк Осетия жумуриятындагы Беслан шаарында былтыр ушул маалда орто мектепте барымтага алынып, бейкүнөө өмүрүнөн ажырагандарды эскерүү жөрөлгөлөрү аяктоодо.

Каргашалуу окуядан улам бейкүнөө кеткен 331 адамдын арбагына багышталган бир мүнөттүк тыным Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат үчтөн 5 мүнөт өткөндө жарыяланат. Туура бир жыл мурун дал ушул мүнөттө барымтадагыларды бошотуу аракети башталган болчу.
Бесландагы окуяда жабыр таркандардын жакындары террорчуларды гана эмес, орус аскерлерин да «былтыркы куткаруу өнөктүгүн копол жүргүздү» деп айыптоодо. Кечээ орус президенти Владимир Путин бесландык өкүлдөрдү кабыл алып, окуя кылдат иликтенээрине убада кылды.
Бесландагы барымтада калгандардын арасында Малик Калчакеев аттуу кыргыз уланы да бар болчу. Ал жакында мекенине келип, Ысыккөлдө эс алып кайтты.

XS
SM
MD
LG