Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Баткендик аялдар жерге болгон укугун үйрөнүүдө


БАТКЕН. Баткен облусунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын аялдар фондусу “Аялдардын жерге болгон укугу” долбоорунун алкагында иш алып барууда. Негизги максат - элет аялдарына жер жана агрардык реформанын жүрүшү боюнча укуктук жактан кеңеш берүү иштерин жүргүзүү экенин аталган уюмдун Баткендеги программалык адиси Перизат Суранова 3-сентябрда маалымдады. Анын айтымында, элеттиктердин жерге болгон укугу, жерди тескөө, ижаралоо келишимдерди түзүү, жерди барымтага коюп, кредиттерди алуу жана башка маселелер боюнча кызмат көрсөтөт. Андан башка өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү кайра иштетүү, аларды сатуу, бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештерди берет.

XS
SM
MD
LG