Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Барскоон окуясы боюнча комиссиясынын жыйыны өттү


БИШКЕК. 3-сентябрда 1998-жылдагы Барскоон окуясынан жабыр тарткан атуулдардын маселесин чечүү, кырсыктан келтирилген зыяндын көлөмүн иликтеп чыгуу боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медет Керимкуловдун төрагалыгында өткөн жыйында саламаттык сактоо, айыл чарба, экология жана өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду. Жыйында айтылгандай, Жетиөгүз районунун аймагындагы суу, жер-жемиштер, топурак жана балыктар атайын текшерүүдөн өткөрүлүп, алардын курамында уулуу зат калдыктары табылган жок. Ал эми кырсыктан кийин Жетиөгүз районунда өлүм көбөйдү деген маалыматтар негизсиз. Бирок жыйынга катышкан укук коргоочулар мындай маалыматтар менен макул эместигин билдиришти. Барскоон окуясынан жабыр тарткандар аларга эл аралык талаптарга ылайык акчалай компенсацияларды төлөп берүүнү өкмөттөн талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG