Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Темир жолчу Башкы прокуратурага кайрылды


БИШКЕК. Буга чейин президенттин ант берүү күнү өзүн-өзү өрттөй тургандыгы жөнүндө билдирген темир жолчу Гүлнара Керимбаева Баш прокурорго арыз менен кайрылды. Анда анын артынан улуттук коопсуздук кызматынын Чыңгыз Осмонов аттуу кызматкери аңдуу салып, темир жол башкармалыгынын жетекчиси Кыдыкбек Исаев менен компромисстүү чечимге келбесе, башкача чаралар көрүлөрү жөнүңдө эскерткендиги жазылган. Арызда ошондой эле «12-август күнү мен өз өмүрүмду кыйуудан баш тартамын, ачкачылыкты токтотомун, Кыдыкбек Исаевге эч кандай нааразычылыгым жок» деген маанидеги белгисиз бирөө жазган катты Гүлнара Керимбаева жазды деп президенттик администрацияга алып киргендиги үчүн Исаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылууда. Гүлнара Керимбаева жана башка бир катар темир жолчулар тармакка адис жетекчинин дайындалышын талап кылып келишет.

XS
SM
MD
LG