Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

АБА КЫРСЫКТАРЫ ЖАНА КООПСУЗДУК


Өтүп кеткен август айында болгон аба кырсыктарынан улам Европа өлкөлөрү аба каттамдардагы коопсуздук талабын күчөтүштү жана авиаширкеттерден эл аралык коопсуздук жоболорун так аткарууну мурдакыдан да катуу талап кылышууда. Франция менен Бельгия аба бекеттерине конууга тыйуу салынган учактардын тизмесин жарыялады. Евробиримдик болсо жырам жыл ичинде уюмга мүчө 25 өлкөнүн атынан ушундай тизмени даярдамак болуп жатат.

Август авиакаттамдар үчүн өтө коогалуу ай болду. Ай башында тунистиктер жалдаган учак Италия жээгине кулап, 13 жүргүнчүнү ажал алды. Ай ортосунда “Helios” компаниясынын учагы Грекияда кырсыкка учуруп, 121 адамдын өмүрү үзүлдү. Андан эки күн өтпөй колумбиялык авиалайнер Венесуелада кыйрап, 160 адам апат кетти. Алардын көбү француз жарандары. Удаа эле перулук учак жаңгак токойго кулап, 40 кишинин өмүрүн алды.

Эл аралык аба каттамдар ассоциациясынын байланыштар боюнча директору Тони Консилдин айтышынча, август өтө калабалуу ай болгону менен, жалпысынан алганда, акыркы жылдары аба жолдорундагы кырсыктар азайган:

- 1990-жылдардын ортосунан аягына чейин 1 миллион каттамга 1,3 өлүм туура келген. Өткөн жылы бул көрсөткүч 0,68ге барабар болду. Айрыма чоң. Бул он жылга жетпеген аралыкта коопсуздук 40-45 пайызга жакшырганын билдирет.

Анткен менен, августагы авиакырсыктар Франция жана Бельгияны катаал чарага барууга мажбурлап, алар өз аба бекеттерине 14 авиаширкеттин учактарынын конуусуна тыйуу салышты. Бул тизмеге негизинен африкалык компаниялар, ошондой эле Армениянын “Ван”, Мисирдин “Air Memphis”, Украинанын “South Airlines” аба ширкеттери кирген.

Британияда чыкчу "Flight International" журналынын коопсуздук маселелерине адистешкен редактору Дэвид Лермонттун пикиринче, коопсуздукка астейдил мамиле жасаган өлкөлөрдүн учактары жүргүнчү үчүн коопсуз:

- Коопсуздукка өзгөчө чоң маани берилген өлкөлөрдүн аба каттамдары менен учканда негизинен коопсуз болосуз. Себеби, ар бир өлкөдө граждандык авиациянын жетекчилиги бар жана алар коопсуздукка көз салып турушат. Алардын көпчүлүгү эл аралык жоболорго ылайык иш жүргүзүшөт. Бирок айрымдары антишпейт.

Акрыкы жылдары эл аралык арзан каттамдар көбөйдү. Баш кеңсеси Дублинде жайгашкан “Ryanair” компаниясы арзан каттамдар боюнча биринчи орунда турат. 20 жыл мурда 1 гана авиаучагы болгон “Ryanair” быйыл 34 миллион жүргүнчүнү ташыйт деп болжолдонууда. Беш жылдан кийин 70 миллион жүргүнчүнү тейлемекчи.

Жолкире арзандаган сайын аба жолдорундагы коопсуздук да начарлай баштады деген да пикирлер айтылып жүрөт. Мындай пикирге “Ryanair” аба компаниясынын өкүлү Питер Шеррард макул эмес:

-"Ryanair” 20 жыл ичинде коопсуздукту өтө мыкты сактады жана биз Европанын бардык чоң авиакаттамдары колдогон аба каттамдарын жөндөөнүн жалпы жобосунун катаал талаптарына ылайык иштейбиз. Коопсуздук билеттин баасына жараша болот деп тыянак кылуу жарыбаган кеп. Арзан жана кымбат аба жолдорун тейлеген операторлор коопсуздукка өтө жооптуу мамиле кылат. Арзан каттамдар коопсуз иштегенин ырастаган далилдер бар.

Августтагы авиакырсыктардан кийин Еврокомиссия коопсуздук маселесин жалпы европалык деңгээлде катуулатмакчы. Ал максатта Евробиримдикке мүчө 25 өлкө кооптуу авиакомпаниялардын орток кара тизмесин түзүшөт. Учактардын техникалык абалы боюнча маалымат алмашуу жакшыртылат. Көрсө, Мисирдин былтыр кырсыкка кабылган чакан “Flash” ширкетинин учагы мурдараак Швецарияга кондурулган эмес экен. Бирок бул жөнүндө Европа өлкөлөрүнө кабарланган эмес.

Венесуэлада кыйраган колумбиялык учактын экипажынын билиминдеги кемчиликтер кийин оңдолбогону, “Helios” компаниясынын учагында мурда да абанын басымы кескин төмөндөп кеткен учур болгону авиакалабадан кийин маалым болуп отурат.
XS
SM
MD
LG