Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Парламентти таратууга 100 миңден ашуун кол топтолду


БИШКЕК. Жогорку Кеңешти реферундум жолу менен таркатуу үчүн кол топтоо ишин «Эркиндик» партиясы улантууда. 4-сентябрда аталган партиядан «Азаттыкка» билдиришкендей, өлкө боюнча бүгүнкү күндө 100 миңден ашуун адам парламент таркатылсын деген талапка кошулуп, кол койду. Парламентти таркатуу - жер-жерлерде март айындагы ыңкылапка чыккан элдин башкы талаптарынын бири катары каралууда. «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин айтымында, парламентти таркатуунун башкы максаты - өлкөдөгү башкаруу системасын өзгөртүү, Жогорку Кеңешке негизинен пропорционалдык шайлоонун негизинде татыктуу депутаттарды тандап алуу.

Жаңы премьер-министр Феликс Кулов буга чейин парламентти таркатуу демилгесин колдобой тургандыгын билдирип, бул маселени көтөрүү өлкөдөгү азыркы шартта ылайык келбейт деген пикирин билдирген.
Азиза Турдуева

XS
SM
MD
LG