Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

ТАТАР ДИНАЯТЧЫСЫ ШИХАБУДДИН МАРЖАНИ – АГАРТУУЧУ ЖАНА ИЛИМПОЗ


19-кылымда жашап өткөн татар диниятчысы Шихабуддин Маржани aр бир сабаттуу жана акыл-эстүү инсандын Курандан жана Суннадан жашоодогу маанилүү суроолорго жооптуу издөө укугун жактаган динаятчы татар элинин байыркы замандан тартып, 19-кылымга чейинки тарыхына арналган эки томдуктун жана башка 30га жакын эмгектин автору. Ал ислам билим берүү системасын жакшыртуу же агартуучулук аркылуу улутту алга көздөй өнүктүрүү идеясын жайылткан биринчи татар динаятчыларынан болгон.

- Шихабуддин Маржани биздин татарлардын эң атактуу аалымдарынын бири эсептелет жана Казандын 1000 жылдыгын утурлап чыгарылган “Татарлардын 100 атактуу кишиси” деген китепте анын ысымы биринчилерден болуп тизмеге кирген.

Татар илимпозу Илбарис Надиров айткан бул адам 1818-жылдын 18-январында азыркы Татарстандын аймагындагы Ябынчи кыштагында молдонун бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Анын ата-бабалары Казан шаарына ынапташ Комургузя жана Маржан кыштактарында жашашкандыктан, ал өзүнө “ал- Маржани” деген тахаллус ысымды алат.

Шихабуддиндин атасы Бухаранын “Турсуния” медресесин бүткөн билимдүү адам болгон. Болочок аалым жашынан эле имам-хатиб атасына балдарды окутууга жардамдашып, атүгүл мадыра баш балдарга кат таанытуу боюнча атайын окуу китебин жазат.

Зирек улан 20 жашында өз доорунда мусулман дүйнөсүнүн илимий борборлорунан саналган Бухарга бел бууп жөнөйт. Ал Бухаранын белгилүү “Кукелташ”, “Мирараб” жана Самарканддын “Ширдар” медреселеринде 10 жыл бою окуп, билимин өркүндөтөт. Шихабуддин Маржани окуусун аяктап, Казанга кайтып келген соң уламалардын сынагынан өтүп, Казандагы Биринчи жамаат мечитине ымам-хатиб жана мударрис болуп дайындалат.

Бул доордун өзгөчөлүгүн татарстандык илимпоз, саясый илимдердин доктору Рафик Мухаммедшин мындайча мүнөздөйт:

- 19-кылымдын экинчи жарымы татар дүйнөсү үчүн өтө маанилүү мезгил. Себеби, бул учурда мусулмандарга, анын ичинде татарларга Орусия империясынын шартына ылайыкташып жашоо керек болгон. Бир жактан, ислам канондорун сактап калуу, ага зыян келтирбөө зарыл болсо, экинчи жактан, татар коомунун алга карай өстүрүп-өнүктүрүү зарыл эле. Ушул жагдайда Шихабиддин Маржани татар калкы үчүн пайдалуу көптөгөн эмгектерди жазды. Ал, биринчиден, Исламдын татарлар карманган ханафия масхабынын негизги принциптерин кеңири түшүндүрүп чагылдырган эмгектерди жаратты. Буга удаа эле философ жана тарыхчы иретинде бир топ илимий эмгектерди жазды.

Шихабиддин Маржани Казандагы Биринчи жаамы мечити алдында түптөгөн медреседе Орусиянын учу-кыйырынан келген татарлар жана мусулман дүйнөсүнөн келген балдар таалим алышат. Бул медресени таанымал чыгыш таануучу, Санкт-Петербург университетинин окутуучусу Хусаин Фезханов жана башкалар аяктаган.

Билимдүү дамылла, Рафик Мухамметшиндин айтышынча, татарлар өздөрүн улут катары сезүүчү убакыт жеткенин кутпа маалында жана эмгектеринде үзбөй кайталаган:

- Шихабуддин Маржанинин ишениминде, татарлар мусулман бойдон калыш керек. Ошол эле мезгилде татарлар өздөрүнүн улуттук аң-сезимин өстүрүүнүн жана алга карай өсүүнүн жолдорун издеши абзел деген ойду тутунган аалым. Маржанинин элге кеңири жайылган “Татар болбосок ким болобуз” деген көөнөргүс сөзү бар. Ал татарларга мусулман болуу менен татар улут катары да болуусун аңдап-түшүнүүсүнө убакыт жеткенин көрсөттү.

Шихабуддин Маржани сабак берүүгө катар, илимий изилдөөлөрдү да токтотпойт. Татар окумуштчуусу Илбарис Надиров:

- Маржани 1876-84-жылдары Казандагы татар окутуучулар мектебинде сабак берет. Ошондой эле, Казан университети алдындагы Археология, тарых жана этнография коомуна шайланган биринчи мусулман уламасы. Ал өзүнүн диний эмгектеринде жаңы реформалардын зарылдыгын жана агартуучулук идеяларын жактап окуткан мугалим болгон. Маржани чыгыш элдеринин аалымдарыны алдыңкы идея-ойлорун өнүктүрүп уланткан прогрессивдүү аалым жана анын 30 томдон ашык эмгектери бар.

1880-жылдары динаятчы-илимпоз Шихабуддин Маржани илимий изилдөөлөрүн кеңейтип, философия жана тарыхка көп убакыт бөлө баштайт. Ал Чыгыш мусулмандарынын 6057 илимпозу, жазуучусу, философу жана коомдук саясый ишмеринин өмүрү жана ишмердүүлүгү жөнүндөгү биографиялык сөздүктүн кол жазмасынын үстүнөн иштейт. Казан жана Булгар хандыктары тууралуу “Мустафедаль –ахбар” деген эки томдук изилдөөнү бүткөрөт.

“Мустафедаль –ахбар” эмгегинен Казанда болгон коогалуу бир окуя:

- 1120-чы хижра жылы ченде, Казанда Уразметов аты менен белгилүү өтө чоң өрт болуп, калаанын тургундары кыштактарга жана коңшулаш конуштарга чыгып кетишет. Өрттүн Уразметов деп аталган себеби, Уразметов деген кишинин аялы от көтөрүп баратып, чок түшүрүп алат. Андан бечаранын үйү өрттөлөт да, өрт бүтүндөй шаарга жайылат. Бир нече убактан кийин калаанын көпчүлүк эли Казанга кайра келишет. Алардын бир тобу Казанга жакын жерге жайгашып, тарыхта белгилүү Татар маалеси пайда болот.

Шихабуддин Маржани молдо эмгектеринин көбүн араб тилинде жазган. Татар тилинде “Рислятун фи масаилин-нахв”( Грамматика маселелери тууралуу трактатты”) жана “Ат-тахрират ал-муфрада”( “Редакциялоонун айрым өзгөчөлүктөрү”) деген эки китепти чыгарат.

Шихабуддин Маржани татар зыялыларынан эң алгачкылардан болуп коом алга карай өсүүсү үчүн ислам дини менен бирге эле башка да механизмдерди же башка дагы институттарды пайдалануу зарыл экенин түшүнгөн. Андай механизмдин эң маанилүүсү Маржани үчүн агартуу системасы болгон. Экинчиси, улуттук аң сезимди өстүрүү жана калыптандыруу; улут зыялылары( интеллигенттерин) тарбиялоо. Илим доктору Рафик Мухамметшин:

- Шихабуддин Маржаниден баштап жадидчилик кыймылы эл арасында кеңири агартуучулук иштерин жүргүзүү эле эмес, ал татарлардын жаңы идеологиясын, жалпы татарларды коомун алдыга жетелөөчү идеологияны калыптандыру болуп калган. Ушундай жагдайдан карасак, Шихабуддин Маржанини жадидчиликткн башатында турган адам деп айтуу мүмкүн. Салт боюнча жадидчиликтин атасы деп Исмаилбек Гаспарали айтылып жүрөт. Эгерде биз агартуучулук системасын алсак, Исмаилбек Гаспарали агартуучулук системасына жадидчилик идеяларын алып келген Маржанинин чоң шакирттердин бири. Жадидчилик диний агартуучулук менен эле чектелип калбаган. Шихабуддин Маржани татар коомуна жана мугалим-идеологдор арасында диний билим берүүнү реформалоонун зарылдыгын түшүндүрүп, зор иш алып бараган. Ушундан келип, аны жадидчиликтин булак башында турган зор аалым деп айтуу мүмкүн.

Пантюркизм идеясынын биринчи үрөнү дал ушул Казак шаарында 1843-жылы түзлгөн “Жадид” кыймылынан башталат. Уюмдун максаты диний билим берүү системасын заман талабына жараша модернизациялоо болгон. “Жадид” кыймылынын мүчөлөрү арасында биринчи жолу татарлардын улут болуу идеясы пайда болот. Болбосо буга чейин Волга татарлары өздөрүн Орусия империясынын букаралары катары сезишкен.

Жадидчиликтин идеялары татар дүйнөсүнө ошентип, улуттук аң-сезимди да калыптандырган. Же Рафик Мухамметшиндин сөзүнчө:

- Жадидчилик татар дүйнөсү үчүн - бүгүнкү тил менен айтканда-граждандык коомдук түзүүнүн бир формасы.
XS
SM
MD
LG