Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫ КОНЦЕССИЯГА БЕРИЛЕТ...


16-августта президент Курманбек Бакиев өлкөнүн энергетика тармагын чет элдик башкарууга же концессияга берүүнү сунуш кылды. Бакиевдин айтымында, тармакта тартип орното алчу мыкты орусиялык компаниялар бар. Манилүү тармакта абал ырасында эле оор. Айрым ырасмий маалыматтар боюнча, электр энергиясынын үчтөн бир бөлүгү ысырап болуп жатат. Керектөөчүлөрдүн карызы 2 миллиард сомго чукулдап калган.

Август айынын ортосунда Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев энергетика тармагын концессияга же тышкы башкарууга берүүнү өкмөттүк кызматчылар менен болгон кездешүүдө сунуш кылды:


- Мен чечим кабыл алдым, муну парламент колдойт деп ойлойм. Биз энергетика секторун бул тармакта тартипти орното алчу мекемеге концессияга беришибиз керек. Тармакты жакшы тейлөөчү өтө таасирлүү жана абдан кубаттуу орусиялык компаниялар бар.

Ишкананы же тармакты концессияга берүү - аны ээлери башкара албай калганын же башкарууга чамасы жетпей жатканын күбөлөйт. Ырасында эле, республканын энергетика тармагында абал өтө татаал. “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” компаниясынын маалымдашынча, электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын карызы 2 миллиард сомго тетелеп барат. Карыздын кесепетинен айрым ишканаларга, анын ичинде аскерий бөлүктөргө электр энергиясын берүү токтотулду.

Маанилүү тармакта түзүлгөн кризистик абалды Кыргыз парламентинин мүчөсү Тайирбек Сарпашев бир нече күн илгери “Азаттык” радиосунун кабарчысы Бекташ Шамшиевке берген интервьюда мындай деп сүрөттөдү:

- Энергетика маселесин, биз кыргызча айтканда, аябай кыйнадык. Же ары кылган жокпуз же бери кылган жокпуз.

Айрым адистер азыркы кризистик кырдаал мурдакы өкмөттүн энергетика тармагын электр энергиясын жеткирүүчү жана бөлүштүрүүчү деп эки тармакка бөлүп жибергениден улам келип чыкканын айтышат.

Мурдакы парламентте Энергетика саясаты боюнча комитетти жетектеген Таирбек Сарпашевдин айтышынча, жаңы бийлик чечкиндүү чара көрбөй туруп, тармакты жөнгө салуу мүмкүн эмес:

- Бизде энгергетика тармагын өнүктүрүүнүн эки эле жолу бар: Администартивдик башкарууну күчөтүү же камоо-соттоо жолу менен кетиш керек. Болбосо, тармакты реформалоо менен эркин рыноктун шартына өткөрүү жана менчик ээсин алмаштыруу зарыл.

Эми ишканаларды же тармакты концессияга же чет элдик ишкерлерге берүүнүн айрым эл аралык мисалдарына токтоло кетели.

19-кылымдын улуу жетишкендиктеринин бири катары белгилүү Суэц каналынын курулушун француз инженери Фердинанд Лессепс Мисир өкмөтүнөн концессияга алып бүткөргөн.

Мурдакы Советтер Союзун алсак, 1918-27-жылдары токой кыйуу, электротехникалык ишканаларды куруу, Түндүк деңиз жолун өздөштүрүү, калкты ширенке менен камсыздоо сыяктуу өлкө үчүн маанилүү стратегиялык жумуштарды капиталисттерге берүү маселеси кеңири талкууланган. Бирок НЭП же лениндик Жаңы экономикалык саясат учурунда башталган бул демилге, буржуйлардын таасиринен корккон большевиктик жетекчилердин ашыкча сактыгынан улам, ишке ашпай калган.

Анын сыңарындай эле Өзбекстан 1990-жылдардын экинчи жарымында постсоветтик өлкөлөрдөн биринчи болуп, Концессия боюнча мыйзам кабыл алып, табигый байлыктарын өздөштүрүүгө чет элдик фирмаларды чакырган. Ал тургай 2000-жылы Украинага мунай-газы бар аймактарды концессияга алууга сунуш кылган. Бирок бул долбоор ырасмий Ташкен күткөндөй натыйжа бере элек.

Долбоордун эмне үчүн ишке ашпай калганын сурап, Украинанын байтакты Киевдеги Раузмов атындагы илимий борбордун Энергетика программасынын директору Владимир Сапрыкинге кайрылганыбызда буларга токтолду:

- Мен билгенден бул иш ордунан козголгон жок. Болбосо, президент Кучманын учурунда Өзбекстан менен бул мазмуундагы сүйлөшүүлөр болгон жана Украинага Өзбекстан кенбайлыгы өздөштүрүлчү айрым жерлерди бөлүп да берген эле.

Владимир Сапрыкиндин түшүндүрүшүнчө, президент Каримовдун сунушун ишке ашыруу үчүн бир жагынан каражат жетпесе, экинчи жактан Борбор Азияны Европа менен туташтырган газ боросунун сыйымдуулугу же өтүмдүүлүгүнүн чектелүү экени себеп болгон.

Украинанын өзүндө да өлкө аркылуу өткөн эл аралык борону орусиялык, германиялык жана улуттук концернге концессияга берүү маселеси акыркы жылдары кызуу талкууланып келет. Бирок, идея алиге ишке ашырыла элек. Эмне үчүн? В. Сапрыкиндин буга жообу:

- Украинанын газды транспорттоо системасын концессияга берүү же менчиктештирүү жайын айтсам, Украина бүгүн мындай жолдон баш тартты. Мындай билдирүү озуна жасалган экен. Көрсө, Украинада кызматташунун бул түрү үчүн укуктук негиз жок экен.

Орусияда, айтмакчы, “Концессия жөнүндөгү мыйзам” быйыл жыл башында гана кабыл алынды.

Кыргыз өкмөтү үчүн улуттук өндүрүштү концессияга берүү идеясы жаңылык эмес. 2003-жылы Казак тарап Өзбекстандан башат алып, Алматыга кеткен газ боросунун Кыргызстан аркылуу өткөн бөлүгүн концессияга берүүнү сунуш кылган. Эгер Кыргыз өкмөтү сунушка макул болсо, Казакстан Тараз облустандагы Полторацки газ кампасында 150 миллион тонна көгүлтүр отунду сактап, кыш айларында Кыргызстанды отун менен үзбөй камсыздап турмак. Бул иш жүзөгө ашса, казакстандык адистердин түшүндүрүшүнчө, Өзбекстандан келаткан газды уурдоону кыскартып, борону техникалык тейлөөнү жакшыртмак.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде былтыр талкууланып, Тайирбек Сарпашевдин айтышынча, депутаттар тармакты ижарага берүүгө макул келишкен:

- Коммерциялык жол, тикеден-тике сатуу же инвестициялык тендер болбосо да жок дегенде концессияга берели, башкача айтканда, ижарага берели деп токтогонбуз.

Сарпашевдин сөзүнө караганда, өз кезинде электр энегетика тармагын концессияга берүүгө болбойт деп чыккан айрым депутаттар азыр эми көз караштарын 180 градуска өзгөртүшкөн:

- Былтыр эле ушул мезгилде концессия болбойт, концессия - бул Ата мекенди саткан менен барабар деген менин коллегаларым бүгүн жаңы бийликке келип отурушту да, өкмөттүн жаңы курамы бекитилбей жатып концессиянын ырын ырдап киришти.

Тайирбек Сарпашевдин бул сөзүнөн кийин “Кумтөр” алтын кенин канадалык компанияга иштетүүгө берүүгө байланыштуу 1990-жылдардын биринчи жарымында Кыргыз парламентинде чыккан чатак эске түшөт. Ошондо карыя саясатчы Турдакун Усубалиев башындагы депутаттар тобу кенди өздөштүрүү боюнча келишим чет элдик компаниянын пайдасына түзүлгөнүн айтып, зар какшап чыгышкан. Ошондо айрым бир жетекчилер адегенде долбоорду сындап, бирок күн айланбай, өкмөттү жактап кеткен. Ошол мезгилде президент Акаев башындагы бийлик парламентарийлердин жүйөөлүү кебине кулак салса, жергиликтүү байкоочулар ырасташкандай, “Кумтөрдүн” чатагы бүгүн кайра көтөрүлмөк эмес. Андыктан, энергетик тармагын концессияга берүү боюнча тендер ачык жүргүзүлүш керек. Болбосо, Армениянын чет элдиктерге сатылып кетип, бүгүн чырга айланган энергетика тармагындагыдай кырдаал Кыргызстанда да кайталанышы ыктымал дешет байкоочулар.

Армениянын энерегетика тармагын сатуудан келип чыккан чатак жөнүндө журналист Армен Долян мындай дейт:

- Бир нече жыл мурда Армения энергетика тармагын менчикке берүү же сатуу жөнүндө чечим кабыл алган. Ошондон соң аукцион өткөрүлүп, ага иш жүзүндө эч кимге белгисиз бир эле компания катышкан болчу. Офшордук зонада катталган “Мidlandresources” деп аталган бул компаниянын башкеңсеси Лондондо жайгашкан. Ошентип, республиканын электр энергия тармагы офшордук компанияга 30 миллион долларга сатылып кеткен. Бир айдай мурда биздин журналисттердин бири Орусиянын ири компаниясы –РАО ЕЭСтин интернеттеги сайтына кирип, анын жылдык отчетунан Армениянын электр тармактарын алар 75 миллион долларга сатып алганы жөнүндө маалымтты таап алгандан кийин өлкөнүн энергетика системасы орусиялыктардын ээлигинде экени жалпы элге ачык болду. Бул тууралуу коомчулук мурда эч нерсе билчү эмес.

Армения өкмөтү бирок маанилүү тармакты “Мidlandresources” баштапкы баасынан эки эсе ашык суммага сатып, чоң кирешеге ээ болгону, анын базар баасы мындай кымбат болсо, эмне үчүн арзан сатылганы боюнча азырынча коомчулукка түшүндүрмө бере элек.

Кыргызстандын электр энергетика тармагын концессияга берүү маселеси парламентте талкууланабы? Тендер өткөрүлөбү? Бул суроолор азырынча белгисиз.

Өлкөнүн финансы министри Акылбек Жапаров “Азаттык” радиосуна берген интервьюда президент Курманбек Бакиевдин энергетика тармагын концессияга берүү сунушун толук жактап, бирок оболу тендер өткөрүлүп, татыктуу компанияны табуу зарыл деген пикирин айтты:

- Ал кишинин (президент Бакиевдин) оюн толук эле колдойм. Бирок аны ишке ашырыш үчүн кээ бир мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жана Жогорку Кеңештин макулдугу керек болот. Аталган этаптарды өткөндөн кийин, тендер өткөрүп туруп, кайсы компания мыкты болсо, ошол компанияга берилиш керек деген оюм бар.
XS
SM
MD
LG