Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

КАРАКОЛОТ МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУЛАРЫ ЧАТЫРДА БИЛИМ АЛЫШУУДА


Кубанычбек Жолдошев, Ош Өзгөн районунун Ийрисуу айыл өкмөтүнө караштуу Караколот башталгыч билим берүү мектебинин окуучулары жаңы окуу жылын чатырда сабак өтүүдөн башташты. Ата-энелер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суук түшө турган болсо балдарды кайда окутаарын билишпей тынчсызданууда.

Ийрисуу айыл өкмөтүндөгү Караколот башталгыч мектебинин курулганына 42 жыл болгон. Быйылкы жазда эскилиги жеткен мектептин имараты урап түшүп, окуучулар жаздан баштап чатырда сабак окуй башташкан.

Айыл тургуну Сейитказы Оморов жаңы мектептин курулушу башталып калган учурда долбоору туура эмес деген себеп менен иш токтоп калгандыгын билдирди:

- Үстүбүздөгү жылдын март айында бир аптага жакын катуу жааган жамгырга байланыштуу эски мектебибиз урап түшкөн. Ошондон жаңы мектептин аракетин баштадык.Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рахманберди Назаровдун жетекчилиги менен “Акташ” акционердик коому менен келишим түзүлдү. Алар мектеп салып беребиз деген. Ошол бойдон мектептин долбоорун баштадык эле. Долбоор жарымына жетип калганда Оштон чоңдор келип, аны жокко чыгарышты.

Ал эми Өзгөн райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рахманберди Назаров курулуш иштери демөөрчүлүктүн негизинде жүргүзүлө баштаганы менен анын архитектуралык долбоору туура болбой калгандыктан курулуш иштери убактылуу токтоп калгандыгын белгиледи:

- “Акташ” акционердик коомунун президенти Касымалиев демөөрчү болуп, 4 бөлмөсүн быйыл бүтүрүп берем деп, быйыл курулуш ишин баштаган. Бирок долбоордо кемчиликтер болуп, чукул кырдаалдар министрлигине кат жазып кайрылган экен. Алар адистерин жөнөтсө бир аз стандартка туура келбей калган. Азыр долбоорду кайрадан сызып жатышат.

Окуучуларын Дүйшөндүн мектебиндей чатырчада окутууга аргасыз болуп жаткан Караколот башталгыч билим берүү мектебинин деректири Алимбай Каракозуев суук түшкүчө мектептин курулушу бүтпөй турган болсо менчик үйлөрдө билим берүүнү улантышаарын айтты:

- Биздин төрт жылдык мектепте сексенден ашык окуучу бар. Буларды ноябрь айларына чейин чатырчада окутуп турабыз. Курулуш бүтпөй калса ижарага алган имаратта окутуп турабыз деген ойдобуз.

Эскилиги жеткен чатырчада элдир-седир сабак окуп жатышкан окуучулардын бири Айнагүл Кабай кызы “Азаттык” радиосу аркылуу мамлекет башчысына кайрылууну суранды:

- Мен төртүнчү класста окуйм. Чатырда жамгырда кыйналып атабыз. Эрте кыш түшсө биз окуй албай калабыз. Курманбек Бакиев, сизден сураныч, бизге мектеп салып берсеңиз жакшы болот эле!

XS
SM
MD
LG