Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

ҮСӨН СЫДЫКОВ: «МУРДАГЫ БИЙЛИК УЧУРУНДА ЭЛДЕН ЧОГУЛГАН САЛЫКТЫН 20 ПАЙЫЗЫ ЧИНОВНИКТЕРГЕ ЖУМШАЛГАН»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда жаңы өкмөт башчысы дайындалып, өкмөт структурасы такталып жаткан кез. Президенттик администрациясынын жетекчиси Үсөн Сыдыков «Азаттык» радиосуна атайын маек куруп, министрликтердин саны төрткө, агенттиктердин саны 10 го кыскараарын билдирди. Ал эми жаңы сунушталчу министрлер жана вицелерде көп деле өзгөрүү болбой, ыңкылаптан кийинки убактылуу дайындалгандар кала берчүдөй.

- Үсөн мырза, бүгүнкү күндө жаңы бийлик эл менен жакындашалы, мурдагы бийлик эл менен өтө алыс болуп кетип, элдин нааразычылыгы ошондон улам күчөп, эски бийлик бийлигинен кол жууду, эми жаңы бийлик жаңы аракеттерди жасайлы деген убадаларды көбүрөк берип атат, бирок ошол убадалардын бардыгы популисттик аракеттер эмеспи?

- Туура суроого туура жооп бериш керек. Ошондой пикирлер элде бар. Ар кандай жол менен элди азгырып, алдап, күнүмдүк бийликти пайдаланып, аракет жасоо деген ойлор болушу мүмкүн. Бирок мен айтып койойун, бизде андай ой жок. Биз бийликке келген күндөн баштап милдетибиз катары сезип атабыз – элге кызмат кылууну, элдин суроо-талабын ишке ашырууну. Бир эле мисал, Баткен облусунда бир чогулушта пособиеден 20-25 сом кармап калгандыгы жөнүндө маселе коюлган. Бул көрүнүш бир гана Баткенде эмес, бүт бардык жерде бар. Мына ошол маселе боюнча Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитов менен аябай катуу, принципиалдуу сөз болду. Мен бул жөнүндө эмне үчүн айтып атам, эл ишенгендей болуш керек, буларга маселе койсок чечет деп. Он беш жылдын ичинде жетекчи органдардын бардыгы элдин ишениминен чыгып калган.

- Бүгүнкү күндө жаңы өкмөттүн структурасы, ошонун ичинде президенттик администрация менен өкмөттүн аппаратындагы кайталануулар, ушулардын бардыгында жаңы өзгөрүүлөр, жаңылануулар болушун эл күтүп атат. Муна ушул багытта кандай иш чаралар болуп атат бүгүнкү күндө?

- Абдан туура маселе. Бизде ушундай практика болуп келген экен. Эгерде бир инсанга кызмат керек болсо, ошого кызмат берип, ошол кызматкердин тегерегинде структура түзүлгөн. Ошонун эсебинен биз Кыргыз мамлекети коңшулаш мамлекеттерге караганда башкаруу аппаратына өтө көп чыгаша кетириптирбиз. Жалпы бюджеттеги айлык акынын 21 пайызы чиновниктерди кармаганга кетиптир. Ал эми Оруссияда, башка мамлекеттерде 4-6 пайыз. Ошондуктан бүгүн биз биринчи маселеде өзүбүздүн президенттик администрациядан баштайбыз. Бизде болгону 141 киши экен, кыскарып атып 113кө түшүрдүк. Сиз айткандай, министрлер кабинети менен биздин ортобуздагы кайталанган бөлүмдөрдү бүт өкмөттүн карамагына, министрликтерге өткөрүп бердик. Өкмөттүн структурасын да, өкмөттүн составын дагы кайрадан карап атабыз. Өкмөттүн өзүнүн аппаратында көп ашыкча кызматтар бар. Феликс Шаршенбаевич Кулов өкмөттүн башына дайындалды, аларды да бул киши өзү тартипке келтирет, ушунун үстүндө иштеп атат. Эми өкмөттүн структурасы боюнча, жана мен айткандай структура аябай чоң, структура туруктуу болушу керек. Эч болбогондо 5 жыл бир структура менен иштешибиз керек. Ошол кызматка келген жетекчилер өздөрү сезиши керек, 5 жыл ошол структура болот, ошол жерде иштеп элге кызмат кылам деп. Ошон үчүн жаңы структураны президент карап, бүгүн-эртең бергени атат. Ал эми 10-сентябрга чейин ушул курамды Парламенттин сессиясына сунуш кылабыз. Депутаттар өзүдөрүнүн кошумча-алымчасы болсо карап бекитип берсе ушул структура боюнча жаңы өкмөттүн курамын түзөбүз.

- Жаңы сунуш кылынып жаткан структура боюнча, министрликтер, комитеттер, агенттиктер канчага кыскарып атат?

- Төрт министрлик кыскарып жатат. Мурда жыйырмадан ашык агенттик болсо, азыр 50 пайызга кыскарып атат. Андан тышкары облустагы структураларды аябай катуу карап атабыз. Облустун губернаторлору, министрликтер өздөрүнүн сунуштарын берди, азыр экөөнү салыштырып туруп, ошол экөөндө тең жоюлсун, кыскартылсын деген структуралардын баарын кыскартабыз.

- Парламентте премьер-министрликке бекигенден кийин Феликс Кулов айтты, мына азыр мага сунуш кылган министрлер, жетекчилер менен алты айга чейин иштешем. Буга чейин деле премьер-министр эч кандай кадрдык маселени өзү чечип келе алган эмес, бүгүнкү күндө деле ошондой. Ушул алты айдын ичинде алар өздөрүн көргөзө албаса, анда мен катуу талапты коем дагы, ошолордун бардыгын кетирип, жаңы адамдарды тартышым керек деп айтты. Ушуга кандай карайсыз?

- Эми ал премьер-министрдин ою, мен ойлойм туура ой. Бир эле Кулов ошондой талапты, максатты койгон жери жок, мамлекетибиздин президенти да, администрация да, биз да ошондой талапты коюп атабыз. Эгер бүгүн ишеним көрсөтүлүп, дайындалган министрлик болобу, башка кызматтагы жетекчилер болобу өзүнүн жумушун, элге карата болгон ишенимин, элдин ишенимин аткара албаса аны бир күн кармабайбыз. Жөн эле популисттик жасап, тигил-бул болбой атат деген маселе менен биз бир да кадрды бошотпойбуз. Себеби дегенде стабилдүүлүк – бул келечектеги экономиканын залогу. Кадр стабилдүү болсо, кадрга ишеним болсо анда экономика өнүгөт. Мен дагы айтып койоюн, алты айда бир дагы киши өзүн көрсөтө албайт. Илгери колхоздун башкармасы, же болбосо райондун жетекчиси эч болбогондо бир жылдан айлангандан кийин жумушунун жыйынтыгы чага баштачу. Ошон үчүн алты ай деген мөөнөт өтө аз. Бирок ар бир кадрдын ар бир күндүк жумушу боюнча өтө чоң талап, көзөмөл болот.

- Үсөн мырза, бүгүнкү күндө басылмаларда кадрдык саясатты сындаган көп эле материалдар басылып атат. Ошондой эле айрым бир саясатчылар өздөрүнүн көз караштарын айтып, бүгүнкү күндө кадрдык маселе Аскар Акаевдин мезгилиндегиден дагы жаман чечилип атат, ушул маселени тез аранын ичинде оңдобосок Кыргызстанда дагы бир төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн деген эскертүүлөрдү айтып атышат. Муна ушул маселеге карата сиздин пикириңизди уксак?

- Кадр маселесине эч качан эч ким кепилдик берген эмес, бардыгы жакшы чечилет, жакшы болот деп. Себеби кадр деген ушундай, бир киши үчөөнө жакса, бешөөнө жакпайт. Ошол беш жакпаганы нааразы боло берет. Бирок ошону бүгүнкү дайындалган ар бир жаңы жетекчи сезиш керек. Менин оюмча, биз кадрларды чечүүдө өтө чоң аракет жасап атабыз, билимине жараша келечекте жаш кадрларды коебуз деп. Райондордун акимдерин, облустун губернаторлорун, ошондой эле министрликтерди ошондой аракет менен коюп атабыз. Кээ бир адамдар ошондой баа берип атышат. Жыйынтыгын Кудай буюрса бир-бир жарым жылдан кийин көрөбүз. Кыскасын айтканда, кадр боюнча анча-мынча туура эмес ойлор бар, тыйын алып коет, тигиндей-мындай деген. Мен өзүм жөнүндө айтсам, биздин президенттик админстрация, президент баш болуп эч качан өзүбүздүн абийирибизди тыйынга сатпайбыз. Мен дайыма айтып келгем, дагы айтам, анча-мынча биздин бүгүнкү жасап аткан ишибизге көз карашы туура эмес көп адамдар бар билебиз. Көп кишилерди кызматтан бошоттук, көп кишилер ич күйдүлүк кылып, эмне үчүн булар бийликке келди, эмне үчүн мен болбодум дегендер бар. Ушулардын баарын биз туура түшүнөбүз.

- Үсөн мырза, 1-сентябрда парламент өз ишин башатагандан кийин эле дароо аткаруу бийлигин катуу сынга алган депутаттар болууда. Мына ошолордун сын-пикирине сиз макулсузбу?

- Негизинен парламент аткаруу бийлигин сындаш керек, аткаруу бийлигин сындаганы жөнүндө каршылык жок, бирок калыстык керек. Кимдир бирөө өзүнүн кичинекей көңүл калдысы үчүн өч алышы, же болбосо өз оюн ишке ашыра албай калса ошого ич күйдүүлүк кылып айтышы, дагы башка маселелер. Мына биздин ноокендиктер аябай нааразы болуп атышат, биздин агабыз, кээде бул киши түшкө чейин бир Дооронбек, түштөн кийин бир Дооронбек, оюна келген ар нерсени айтып атат. Садырбаевдин ким экенин мен жакшы билем, Сыдыковдун ким экенин Садырбаев жакшы билет. Бирок калыстык кылып сөз сүйлөсө мен эч качан эч нерсе дебейм, эл тараза, кимибиз элге кызмат кылып, кимибиз элде популисттик кылып жүргөнүбүздү эл жакшы билет. Анысына мен эч кийлигишпейм, сүйлөсө сүйлөй берсин.

- Маегиңизге ырахмат!
XS
SM
MD
LG