Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

СОЦИАЛДЫК ЖҮК АРТЫНГАН БЮДЖЕТ


Эмдиги жылдын бюджет долбоору менен оболу өкмөт мүчөлөрү таанышты. Андан соң ал парламент депутаттарынын катышуусунда Көл жээгинде талкууланды. Эми негизги экономикалык документ өкмөт жыйынында талкууланып, парламентке жөнөтүлөт.

Эл аралык валюта корунун миссиясы август айында баса олтуруп Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүн иликтеп, келерки жыл бюджетинин параметрлерин тактады. Жаңы өкмөттүн салык саясатын кадыресе өзгөртүү демилгесин колдоду. Ага улай келерки жыл бюджетинин киреше бөлүгү так аткарылышын, чыгашаны азайтып, бюджет таңкыстыгын кыскартуу талабын табыштап кетти.

Өкмөт биртоп салык жүгүн жеңилдетип, коңулдан чыкпай жаткан «көмүскө экономиканы» жарыкка чыгаруу, ишкерликтин аркасы менен жакырчылыктын санын азайтуу аракетине өтүүдө. Ошондон келерки жыл бюджети негизинен социалдык багытты көздөй турганы эмитен эле айтылууда. Буга чейин деле бюджет социалдык жүктү көтөрүүгө багытталганы такай айтылып келди. Тек бул ирет жергиликтүү бюджет район менен айыл өкмөтүнө ажырап, ортодогу облус жоюлганы туру.

Каржы министрлигинин пресс кызматынын жетекчиси Ольга Волосатыхтын ырасташынча, парламент депутаттарынын биртобунун талкуусунан өткөн долбоор өкмөттүн кароосуна коюлат:

- Алар сунуштарын, пикирлерин билдиришип, айтылгандарды эске алуу менен бюджет долбоорун дагы иштеп чыгууну тапшырышты. Менин билишимче, 6-сентябрда өкмөттүн жыйыны өтөт. Ага даярдалган бюджет долбоорун алып киребиз. Өкмөттө жактырылгандан кийин долбоор Жогорку Кеңешке сунушталып, жаңы регламентке ылайык, бюджет долбоору үч окуудан кийин кабыл алынат.

Ольга Волосатых эмдиги жыл бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн кыйласы, тактап айтканда 48 пайызы социалдык тармакты колдоого жумшалат, деп маалымдады.

Быйылкы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 19 миллиардка бираз жете бербеген сомду түзүшү болжолдонууда. Эмдиги жылы бул көрсөткүч дагы жогорулашы керек. Бирок да чогултулган акчанын 3 480,4 миллион сому же улуттук ички дүң продуктунун 3,1 пайызы тыш карыздарды төлөөгө кетмекчи. Париж клубу ийге келип карыздарды төлөөнү кийинкиге жылдырса алдагы акчанын 75 пайызын Кыргызстан 23 жылдан кийин төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу.

Коррупцияга каршы катаң күрөштү улантып, салык жыйноону күчөтүү менен өкмөт эмдиги жылы социалдык тармакта иштегендердин айлык маянасын көтөрүүнү көздөөдө. Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун айтымында, маданият, социалдык тармакта иштегендердин айлык акысынын тарифтик өлчөмү 160 сомдон 240 сомго көтөрүлөт.

- 2006-жылдын бюджетин талкуулоо учурунда пенсия менен айлык маянаны көтөрүүгө теңдемечил катышты сунуш кылганы турабыз. Айлык маяна 15-20 пайыз жогорулайт, айрым категориялар боюнча 40 пайызга чейин көтөрүлөт. Эмдиги жыл бюджетинин параметрлери талкуудан өттү.

Эл аралык валюта корунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен жаңы өкмөттүн салык жеңилдиктери келерки жыл бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууга кедергисин тийгизбеши керек деп эсептейт:

- Быйылкы жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы азыркы салык саясаты шартында эч кандай күмөн туудурбайт. Программада ИДП карата салыктардын чогултулушун көбөйтүү каралган. Мамлекеттик бюджеттин деңгээлинде бул ички дүң продуктунун 15,5 пайызын түзөт. Программада көрсөтүлгөндөй, салык реформасына карабастан, эмдиги жылы деле ушул эле көрсөткүч сакталышы керек.

Өкмөт эмдиги жылдан тарта «Жерүй» менен «Талдыбулак сол жээк» алтын кендерин ишке киргизип, анын негизинде улуттук ички дүң продуктунун реалдуу өсүшүн камсыз кылуу ниетин көздөөдө.

XS
SM
MD
LG