Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Нарын АЙЫП, Прага Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин үстүнөн биринчи сот 19-октябрда башталмай болду. Бул мөөнөткө Саддамдын адвокаттары каршы чыккан, бирок сот 19-октябрда өтө турганы жөнүндө жекшемби күнү өкмөттүн өкүлү Лаит Кубба жарыялады.

Сотту 19-октябрда баштоо тууралуу чечим июлда кабыл алынган, бирок Саддамдын адвокаттары ага каршы чыгып, иш менен байланыштуу топтолгон 30 тонна документти үч айдын ичинде окуп чыгуу мүмкүн эмес деп билдирген. Анткен менен 4-сентябрда өкмөт атайын билдирүү жасап, сот 19-октябрда баштала тураганын тастыктады. Анын алдында, 15-октябрда Иракта өлкөнүн жаңы Конституциясы боюнча жалпы элдик референдум өктөрүлөт.

Өлкөнүн жаңы жетекчилигинин айтымында, Саддамга беш жүздөн ашык күнөө коюлууда жана алардын баары боюнча сот өткөрүлсө, ага өкмөттүн убактысы да, каражаты да жетпейт, ошондуктан азырынча бир кылмыш боюнча гана сот өткөрүлүүдө, бирок ошол жалгыз иш боюнча эле Саддам күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасына кесилиши мүмкүн.

Расми коюлуп жаткан күнөө боюнча, 1982-жылы Саддам Дужайл деген шаарда кыргын уюштурган жана 143 адам өлүп, дагы бир миң беш жүзгө жакын киши камакка алынган. 1982-жылдын 8-июлунда Дужайл шаарында Саддамдын өмүрүнө кол салынган жана ал ушундай куугунтук менен өч алган. Бул окуя боюнча Саддам менен кошо дагы бир нече адам соттолууда, алардын арасында Саддамдын БААС партиясынын мурдагы жетекчилери да бар.

Адвокаттар тынчсызданган дагы бир нерсе - сот учурунда мурдагы президентке каршы кол салуу да болушу мүмкүн, анткени июлда өткөн сот жыйындарынын биринде бир адам Саддамга кол салган. Анын адвокаты Абдул Хак ал-Алинин айтымында, бийлик мурдагы президентти андай кол салуулардан коргоого тийиш:

- Сот учурунда президент ордунан турганда, бир адам дагы тура калып, ага кол салган. Сот болсо аны токтотпостон, унчукпай отурган, ошондуктан ал окуяны соттун өзүн да мазактоо деп түшүнсө болот. Ал кол салган адамдын ким экенин сот жакшы билет, бирок аны жоопко тарткан жок.

Саддамга каршы коюлуп жаткан башка орчундуу күнөөлөр - 1980-жылдардын аягында чыккан күрддөрдүн козголоңу канга жуурулуп басылганы, 1990-жылы кошуна Кувейт мамлекети басылып алынганы, 1991-жылы шийи мусулмандарынын көтөрүлүшүнө каршы көрүлгөн аракеттер жана башка окуялар менен байланыштуу. Саддам азыр 68 жашта жана америкалык аскерлер аны 2003-жылдын декабрында кармаган.
XS
SM
MD
LG