Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Нью-Орлеанда тирүү калгандарды тикучма менен издеп жатышат


«Катрина» бороону шаарга кыйсыпыр салганына бир жумага чукулдап баратат. Шаардын көп бөлүгү дагы деле суу астында, сууда өлүктөр калкып жүрөт. Бийликтер жардамга муктаждардын көбү куткарылды деп айтууда. Акыркы 24 саатта эле 25 миң киши тикучмалар менен алынып кетти. Куткаруучулар бүгүн курмандыктардын санын эсептей башташты, «Катрина» канча кишинин канына забын болгонун эч ким билбейт.

АКШнын Саламаттык жана гуманитардык кызматтар катчысы Майкл Леавит "курман болгондордун саны балким миңдеп саналат" деп айтты. АКШнын президенти Жорж Буш жапа чеккендер үчүн америкалыктарды кан тапшырып, акча бөлүп, бош убактында Кызыл Чырым уюмунун ишине жардамдашууга чакырды. Кошмо Штаттары Бириккен Улуттардын жардам сунушун кабыл алды. Көп өлкөлөр көмөк көрсөтүүгө убада кылышты, айрымдары кырсык аймагына жардам жеткире башташты. Анын ичинде Кувейт 500 миллион доллардык күйүүчү май бөлдү.

XS
SM
MD
LG