Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:37

Мамлекеттик жооптуу кызматкерлер коррупциялашпайбы?


БИШКЕК. 5-сентябрда Президенттин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиясы коомчулукка билдирүү таратты. Анда мамлекеттик башкарууну коррупция чырмооктой каптап баратканы, элдин азап-тозогунан коррупционерлер байлык топтоп жаткандыгы айтылат. Алар өздөрүн сактап калуу үчүн жогорку бийлик өкүлдөрүнөн колдоочуларды издеп, кылмыштуу топ менен тыгыз байланыш түзүү үчүн салтанаттуу мааракелерди, кароо-сынактарды уюштуруп, ага Жогорку Кеңештин депутаттарын, министрлерди, өкмөттөгү жооптуу кызматкерлерди, тартип коргоо кызматкерлерин чакырышып, сый көрсөтүүдө,-деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле өлкөдө кылмыштуу топ баш көтөргөнүн, алар тарабынан мамлекеттик жооптуу кызматтагыларга кымбат баалуу белектерди берүү аракеттери көрүлүп жаткандыгы белгиленген. Президенттин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиясы коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөшүгө, коррупционерлер өткөргөн ар кандай маараке, тойлорго мамлекеттик жоопту кызматкерлерди, депутаттарды катышпоого, баалуу белектерди алуудан баш тартууга чакырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG