Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Курманбек Бакиев менен Владимир Путин жолугушту


БИШКЕК. 5-сентябрда мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин Москвадагы иш сапары соңуна чыкты. Бакиев Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Борис Грызлов жана өкмөт башчысы Михаил Фрадков менен жолугушуп, парламент аралык байланыш , экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү, маданий байланыштарды өрчүтүү багытында бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

Ушул эле күнү президент Курманбек Бакиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда Путин энергетика тармагында, металлургия өндүрүшүндө, аскерий-техникалык кызматташууда эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселесине токтолгон. Кыргызстан-Орусия сүйлөшүүсүндө Кыргызстандын карызын реструктуризациялоо, аскерий-техникалык кызматташтык жана башка бир катар документтерге кол коюлган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG