Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

ГЕРМАНИЯДА ШАЙЛОО ЖАКЫНДООДО


Европадагы экономикасы эң күчтүү өлкө - Германияда 18-сентябрдагы шайлоого аз гана убакыт калды. Жекшембиде чордончул социал-демократтардын лидери, канцлер Герхард Шрөдер негизги атаандашы, консервативдүү христиан-демократтардын жетекчиси Анжела Меркел менен түз эфирдеги телеайтышка чыкты.

- Ооба, Шрөдер мырза ушул күндөрү өлкөнү узун-туурасынан кыдырып, өзү башкарган коалициялык өкмөт бийликте турган жети жыл Германия үчүн абдан үзүрлүү мезгил болду деп кайталоодо. Бирок мен чындыкты айтып коюшум керек, көптөгөн кишилердин кулагына бул анык апыртмадай эле угулууда, - деп атаандашына чабуул койду Анжела Меркел.

Жекшембидеги телеайтыш маалында ал канцлер Герхард Шрөдерден жети жылдык бийлиги учурунда Германиядагы жумушсуздук кандайча экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки деңгээлге жетип калганын түшүндүрүүнү талап кылды.

Шрөдер жумушсуздуктун көбөйүшүнө өкмөт баштаган татаал реформалар өбөлгө болгонуна басым жасады:

- Мен муну актаныш үчүн айтып жаткан жерим жок. Бул реформаларды биз эмне үчүн баштадык? Ага чейин эч ким батына албаган чечкиндүү реформалардын жемиши акырындап сезиле баштады, ошондуктан бул саясат дагы да улантылышы керек.

Германиянын жаңы өкмөтүн башкаруу үчүн мөөрөй талашып жаткан эки саясатчы Түркияны Евробиримдикке кабыл алуу маселесин да козгой кетишти.

Меркел айым : “Түркияга азыр толук кандуу мүчөлүктү убада кылып коюп, кийин ал сөздү аткарбай коюу - барып турган жоопкерсиздик” десе, Герхард Шрөдер: “Сиз саясий ката кетирип жатасыз. Түркияны Евробиримдикке кабыл алуунун саясий маанисин түшүнбөйт экенсиз”, - деп нааразыланды.

Телеайтыштан кийин жүргүзүлгөн сурамжылоолор канцлер Шрөдер бир аз саясий салмак кошкону менен, дагы эле христиан-демократтарды шайлоодо алып жыгууга дээрлик алсыз экенин көрсөттү. Андан мурдараак коомдук уюмдар жүргүзгөн алдын-ала добуш берүүдө Меркел айымдын партиясы Шрөдердин социал-демократтарын 11 пайызга артта калтырган.

Жекшембидеги теледебаттар маалында христиан-демократтардын эң маанилүү маселелер боюнча саясаты так, даана айтылган жок, - дейт Бонндогу саясат жана экономика институтунун аналитиги Адриан Оттнад.

- Меркел айым эмнелерди пландаштырып жатканын бизге дагы эле ачык айта элек.

Калкынын жарымынан көбүн улгайган курактагы адамдар түзгөн Германияда канцлер Шрөдердин өкмөтү аргасыздан жүргүзгөн саламаттыкты сактоо, социалдык жана пенсия системаларындагы чукул реформалар социал-демократтардын популярдуулугун төмөндөтпөй койгон жок. Бирок Меркел айым башында турган христиан-демократтар бийликке келсе, социалдык төлөмдөрдү азыркыдан да азайтаарын эскерткендиктен, шайлоочулар азыр кимге артыкчылык берээрин билбей башы маң болуп турган кез.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Германияда азыр элдин 5 миллионго жакыны, же жумушка жарамдуу калктын 11пайызы ишсиз. Ал тапта “Фольксваген” компаниясы өткөн жумада социалдык-экономикалык жагдайлардын баарын эсептеп чыгып, жаңы заводун Португалияда курууну ылайык тапканын жарыялады. Андыктан 18-сентябрда өтө турган парламенттик шайлоодо ат салышчу эки партиянын жетекчилери жергиликтүү бизнеске колдоо көрсөтүүнү кабат-кабат убада кылууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG