Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

ДЕПУТАТТАР ПАРАДЫ, АЙДАР АКАЕВ “ӨЛБӨС КОЩЕЙ”, БОСОГОДО КЫШ


6-сентябрдагы өлкөнүн маалымат каражаттарында негизги тема Айдар Акаевдин депутаттык колтийбестиги, өкмөттүн курамы, парламенттин күзгү сессиясындагы маселелер болду.

6-сентябрдагы “Агым” гезитинде “Падыша ийгиликке эмнеси менен жете алат? “ десе, Абу Али ибн Сина: “Адилеттүүлүк жана чындык менен” дегенин мисалга келтирүү менен окурман Азимкан Мадели уулу президент Курманбек Бакиевге кайрылуу кат жолдогон. “ Курманбек мырза! Кыргыз эли өздөрүн сага ишенип аманат кылып олтурат. Ошондуктан ошол аманатка кыянат кылба. Аманаткөй кызматчы өз ишин өтө кылдат жана жүрөктөн берилип аткарат. Биздин мурдагы ажобузга таба эмес, тобо дейли. Дагы да болсо канчалаган көз жаштар, ыза- кордуктар, кыянаттыктар, өзүмчүлдүгү аны андан да жаман кылат. Ошондой болбош үчүн аманатты так аткаралы...” деп кайрылат Азимкан Мадели уулу.

Ушул “Агым” гезитинде өз кабарчы Алишер Токсонбаев Ош облусунда быйыл 33 опурталдуу кырсык катталганын, анын кесепетинен беш адамдын өмүрү кыйылып, 86 миллион сомдук материалдык чыгым болуп, 3163 үй-бүлө токтоосуз көчүрүлүүгө мажбур экенин маалымдайт. “446 кожолук кычыраган кыш чыкыроонунда ачык асман алдында калуу коркунучунда турат.” деп коңгуроо кагат, кабарчы Алишер Токсонбаев.

“Агым” гезитинин кабарчысы Мамат Сабыров Айдар Акаевдин атасынын доорундагы тайраңдаганын, ишкерлердин бизнесин тартып алганын, элдин эсебинен чогулган миллиондогон доллар акчаны Алматынын, Москванын казинолорунда кантип уттурганы жөнүндөгү окуяларды эскерүү менен анын үстүнөн 4 факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканын жазып, Айдар Акаевдин депутаттык колтийбестиги тууралуу өз пикирин мындайча билдирет:

- Айдар Акаевди депутатык колтийбестигинен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу процедурасы жомоктогу өлбөс Кощей менен алпурушкандай эле кеп. Кощейди өлтүрүү үчүн анын жаны катылган токойдогу кутуну, андагы өрдөктү таап, өрдөктүн ичиндеги жумурткасын сындырбай алуу керек. Ошол жумуртканын ичиндеги ийнени алып, сындырса гана Кощей өлөт. Жумуртка сынып калса же ийне сууга түшүп кетсе не болот? Кыскасы, Айдарды депутат кылып шайлаган кеминдиктер, анын укугун коргогон адвокаты Максим Максимович жана Акаевдин жактоочулары деле жөн жатышпайт. Бирок 9 депутаттан турган комиссия да көптү үмүткөр кылып турат.

6- сентябрдагы “Аалам” гезити Карасуу базарынын мурдакы жетекчиси Абдалим Жунусовдун буйуртма менен атып өлтүрүлүшү, кышында Өзбек президенти Ислам Каримовдун газды буумай болгону, өкмөттүн жаңы курамы тууралуу ой- пикирлерди жарыялады.

“Аалам” гезитине баяндамачы Рыскелди Момбековдун өлкөдөгү парламенттин депутаттарынын ишмердүүлүгүн талдоого алган “Депутаттар парады” аттуу баяндамасы чыкты. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, анын орун басары Болот Шерниязов, активдүү депутаттар Кубат Байболов, Дооронбек Садырбаев, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Бабанов, Тайырбек Сарпашев, Темир Сариев, Муратбек Мукашев жана Арсланбек Малиевдин бейенесине сүртүмдөр берилген. “Спикердин акыркы саясый жүрүштөрү күтүлбөгөндөй катуу чыкты” десе, “боркулдаган Болот Шерниязов саясаттан алыстап бараткандай” деп жазат, автор. “Кубаты күчтүү, кырааты менен сүйлөгөн чекист-депутат Кубат Байболов жаңы өкмөт мүчөлөрүн бир топ жарга такап, сылык-сыпаа сынак менен жерге түшүрөөрү бышык, учурда Дооронбек Садырбаевдин добулбасы катуу чыгып, Акүйгө айткан сөзү ачуу чыкканын, Камчыбек Ташиевдин күпүлдөп, күзгү нөшөрдөй катуу киргенин, төө буурчак маселеси боюнча Түркияга үч жолу барып келген Өмүрбек Бабанов жөнүндө жазган. Энергетиканы ийне-жибине чейин билген Тайырбек Сарпашевдин кийинчерээк көмүскөдө калып баратканын айтып, депутаттардын ишин талдоого алат. Ошондой эле депутат Айдар Акаевге Башпрокуратура 4 кылмыш ишин козгогонун, депутаттык кол тийбестиги аны сактап турганын, депутаттын тагдыры сентябрдын аягында чечилээрин маалымдайт, баяндамачы Рыскелди Момбеков.

Ушул “Ааламда” жарык көргөн “Бектер кетет, эл калат” деген макаласындагы козголгон маселе тууралуу журналист Кенжебек Арыкбаев буларды айтып берди:

- Шериктеш өлкөлөрдүн курамындагы жана мурдакы союздун мүчөсү болгон мамлекеттердин жетекчилеринин бийликтеги мезгили жана бийликтен кеткендеги тагдырлары тууралуу кеп кылдым. Элдин мүдөөсү менен эсептешпеген, өз кызыкчылыгын ойлогон өкүмдарлардын кийинки тагдырлары кандай болгонун бир топ мисалдар менен белгиледим. “Бийлик колдун кири” деген элибиздин макалынын маанисин тереңдетип, чечмеледим. Биздин өлкөнүн мурдакы жетекчиси Аскар Акаевдин каталыктары, учурдагы абалы тууралуу да кеп болот.

6- сентябрдагы “Кыргыз туусу” гезити өлкөнүн премьер-министри Феликс Куловдун өкмөттүн жаңы түзүлүүчү структурасы, кадр саясаты тууралуу маегин жарыялады. Айтыш сынагынын баш байгесин жеңип алган таластык төкмө акын Аалы Туткучов тууралуу макала, учурунда эки ирет Кыргыз эл депутаты болуп, кийин “Кыргызалтын” мекемесинин жетекчиси болгон маркум Камчыбек Кудайбергеновду жубайы Жийдегүл Асаналиеванын эскерүүсү жарык көрдү. Ошондой эле мамлекеттин башкаруу илими тууралуу белгилүү жазуучу, саясый ишмер, элчилер Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун ой- пикирлери да берилди.

5-сентябрдагы “Вечерний Бишкек” гезити президент Курманбек Бакиевдин Москвага расмий сапары, андагы жолугушуулары тууралуу маалымдады. Ошондой эле 8-сентябрдан 10–сентябрга чейин Москвада өтчү Кыргызстандын маданият күндөрү, анын алкагындагы маданий иш- чаралар, искусство чеберлери жөнүндө кенен маалымат беришти. Ошондой эле Жалалабаттагы “Кыргыз пахта” мекемесиндеги талаш-тартыш маселелердин тегерегиндеги Анара Солтоеванын журналисттик иликтөөсү жарыяланды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG