Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

“ӨКМӨТ ЖӨНҮНДӨГҮ” МЫЙЗАМДЫН ТАГДЫРЫ ТАТААЛБЫ?


6-сентябрда Жогорку Кеңеш «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды талкууну улантууга аракет жасады. Бирок кворум жоктугуна байланыштуу маселени кароону бейшемби күнгө калтырды.

«Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды талкууну улантуу шейшембиде да талаш-тартыштар менен башталды. Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Камбаралы Конгантиев борбордук трибунага чыгып, мыйзам долбоорун беренелер боюнча кабыл ала берүүнү сунуштаса, депутат Өмүрбек Бабанов эгерде талкуу уланса өз фракциясы менен залдан чыгып кетерин жарыялап, буларга токтолду:

- Бул мыйзамды Конституциялык реформа аяктагандан кийин карайлык. Бул биздин мамлекеттин экономикасынын тагдырын, өкмөттүн укугун, министрлерди чече турган мыйзам болгондон кийин, аны жакшылап карашыбыз керек.

Бир катар депутаттар 24-марттагы ыңкылаптан кийин өлкөдө абал өзгөргөнүн, ошондуктан Акаевдин доорунда биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоору эскирип калгандыгын белгилешүүдө. Алар долбоор биринчи окууда кабыл алынгандан кийин экинчи, үчүнчү окууда аны кардиналдуу түрдө өзгөртүүгө мыйзам жол бербесин билдирүүдө. Ошондуктан “Өкмөт жөнүндө» бул долбоорду четке кагып, такыр жаңы мыйзам керектигин депутат Кубатбек Байболов билдирди:

- Бир белгилүү убактын ичинде жаңы өкмөт өзүнүн жаңы талаптарын, жаңы көз караштарына ылайык жаңы мыйзамды иштеп келсе, биз ошол мыйзамды карап, кабыл алып берсек.

Ошентип «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды Конституциялык реформадан кийин кабыл алуу максатка ылайыктуу, деген депутаттар бир тарап болууда.

Ал эми үчүнчү топтогу депутаттар болсо компромисттик вариант катары мыйзам долбоорун кайрадан комитеттин кароосуна жиберүүнү сунуштады. Депутат Темир Сариев бул жөнүндө мындай дейт:

- Кайра комитетке жөнөтсөк. Бир-эки күндүн ичинде комитет өкмөт менен биргеликте кайра иштеп, бардык толуктоо, сунуштарды кайра карап чыкса. Ошондо комитет менен өкмөт макулдашкан долбоор менен келсе.

Бирок бул сунуш да колдоо тапкан жок.

Бул абалдан чыгууга арга калбаганын туйган жыйынды алып барып жаткан төраганын орун басары Болот Шерниязов залда кворум жок экенин, ошондуктан эч кандай чечим кабылууга мүмкүн эместигин айтып, бейшемби күнгө чейин танапис жарыялады. Эми эл депутаттары «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кароого 8-сентябрда кайрылышмакчы. Шейшембидеги жыйынга премьер-министр Феликс Кулов катышып отурду.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул долбоорду талкуулоодо президент менен премьер-министрдин парламенттеги тарапкерлеринин ортосунда күрөш жүрүүдө. Анткени, бул мыйзам аркылуу президент менен премьер-министрдин, премьер-министр менен калган өкмөт мүчөлөрүнүн ыйгарым-укуктарына байланыштуу маселе чечилүүдө. Депутат Кубатбек Байболов муну саясий күрөш катары баалоодо.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG