Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

БРИТАНИЯДА “ХИЗБ-УТ-ТАХРИР” ӨКМӨТТҮ ДИАЛОГГО ЧАКЫРУУДА


Британияда июль айындагы жардыруулардан кийин өлкөнүн өкмөт башчысы Исламчыл “Хизб-ут-Тахрир” партиясына тыйуу салууга чакырган эле. Бирок жекшембидеги курултайында бул уюм зордук-зомбулукка жана террорго каршы экендигин кайрадан ырастап, британ өкмөтүн диалогго чакырды. Ал гана эмес, хизбутчулар террорго каршы чогуу күрөшүүнү сунуш кылышты.

“Хизб-ут-Тахрирге” Германияда, Өзбекстанда, Кыргызстанда, бир катар араб өлкөлөрүндө тыйуу салынган. Бирок мусулман дүйнөсүн бир халифатка айландырууну максат кылган бул партия Британияда ээн-эркин иш жүргүзүп келет.

Арийне, өткөн жайда Лондондун коомдук унаа тармагындагы жардырууларда 50дөн ашык киши курман болгондон кийин “Хизб-ут-Тахрирден” шек саноо күч алып, премьер-министр Тони Блэр ага тыйуу салууну сунуш этти.

Жекшембидеги курултайда аталган партиянын аткаруу комитетинин өкүлү Доктор Абдул Вахид анын партиясы Батышка коркунуч келтирбейт деп ырастады:

- Биз ишибизди улантып, Британ өкмөтүнүн бизге тыйуу салуу аракетине жол бербеш үчүн бардык аракетибизди жасайбыз. Биздин партияга мусулман өлкөлөрүндө диктаторлор менен тирандар тыйуу салган, ошого карабастан, биз зордукчулсуз саясий ишибизди улантып келатабыз.

Вахид андан аркы сөзүндө хизбутчулар Өзбекстанда айрыкча куугунтукталаарын мындайча белгиледи:

- Анжияндагы окуялардан кийин, өзбек бийликтери “Хизб-ут-Тахрирге” каршы кыргын баштады. Биздин Өзбекстандагы булактардын эсебинде, 7 миңдей мүчөбүз өлтүрүлдү. Биз муну өзбек режими тарабынан дүйнөлүк маалымат каражаттарынан жаап-жашырып жаткан кыргын деп эсептейбиз.

Вахид Өзбекстанда хизбут-тахрирчилер күндө кыйноого дуушар болуп жатканына карабастан, партия Ташкен режимине каршы тынчтык жолдор аркылуу күрөшүн уланта берет деди.

Британияда “Хизб-ут-Тахрир” партиясын жаап салууну катачылык деп эсептегендер да жок эмес. Алардын бири - Шотландия университетинин Терроризмди жана Саясий Зордукчулукту Изилдөө Борборунун директору Доктор Магнус Ранстроп:

– “Хизб-ут-Тахрир” зордукчулукту колдобойт, терроризмге аралашкан эмес. Мында кеп сөз эркиндигин жана атуулдук эркиндиктерди камсыздоо менен коопсуздукту сактоонун ортосундагы татаал тең салмактуулук жөнүндө болуп жатат. “Хизб-ут-Тахрирге” тыйуу салуу аларды көмүскөгө түртүп, коопсуздук кызматтарынын көз жаздымында калтырат. Ошондуктан, бул партияга тыйуу салуу туура болооруна көзүм жетпейт.

XS
SM
MD
LG