Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:48

ЧЕРНОБЫЛДА ДАГЫ БИР КЫРСЫК БОЛУШУ ЫКТЫМАЛ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 6-сентябрда Вена шаарында Чернобыл Атомдук Электростанциясында 1986-жылы болгон кырсыктын кесепеттерин жойуу маселесине арналган эл аралык конференция башталды. Ага Улуттар уюмунун 8 агенттиги, анын катарында, МАГАТЭ менен Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү, Орусия, Украина жана Беларус өкмөттөрүнүн жооптуу өкүлдөрү катышууда. Дарыгерлердин айтымында, Чернобыл кырсыгынан каза тапкан адамдардын саны 4 миңге барышы ыктымал. Бул кырсыктын адамдардын психикалык акыбалына тийгизген таасири да өлчөөсүз.

Чернобыл кырсыгынан жабыркап, каза болгон адамдардын саны 4 миңдей кишиге барды. Атомдук электр станциянын реакторун жаап турган саркофаг коркунучттуу акыбалда жана ал ар убакта кыйрап калып, андан радиоактивдүү булут бөлүнүп чыгышы мүмкүн. Бул жөнүндө Улуттар уюмунун Венада талкууланып жаткан баяндамасында айтылды. Реактордун жарылуусунан 50 киши каза болгон, алардын басымдуу көпчүлүгү реактордо кырсык болгондон кийин иштеген куткаруучулар эле. Курман болгондордун көбү куткаруу учурунда радиактивдүү нурданууга дуушар болуп, бир нече айдын ичинде каза тапкан, делинет документте.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун өкүлү Фред Меттелер докладда айтылган бул цифраларды мындайча тактады:

- 30 чакты киши кырсыктан кийинки эле убакта, каза болгон, алардын көбү авария болгондон кийин реактордо иштегендер эле. 20 чактысы болсо кырсыктан кийинки 2 айдын ичинде көз жумган.

1986-жылы 26-апрелде Украинадагы Чернобыл атомдук электр станциясынын 4-реакторунда болгон жарылуудан радиоактивдүү заттар бөлүнүп чыгып, Украина, Беларус, Орусия жана Европа өлкөлөрүнүн бир кыйла жерлерин каптаган. Кырсыктан 600 миңден ашык адам күчтүү радиоактивдүү нурданууга дуушар болгон. Алар негизинен реактордо иштеген жумушчулар, региондо кызмат өтөгөн медиктер жана жакын турган шаар-кыштактардын тургундары эле.

Бирок баяндаманын авторлору алдыда келтирилген цифралар алааматтын так өлчөмүн чагылдыра албай турганын белгилеп, кырсыктан ондогон, а балким жүз миңдеген киши каза болуп, же ден соолугунан жабыркаган болушу мүмкүн, деп жатышат.

Меттлердин айтымында, 4 миңге жакын бала калкан безинин рак оорусуна дуушар болгон, бүгүнкү күнгө чейин алардын 9у каза болду:

- Бул дарт жай-баракаттык менен өнүккөн жан алгыч оору. Андан каза болгондордун чыныгы саны мындан кыйла көп болушу ыктымал. Кырсыктан чыккан радиациядан көз жумган адамдардын саны 4 миңге барышы толук мүмкүн.

Ошону менен бирге эле эксперт эң негизги оору бул - радиоактивдүү нурданууга дуушар болгон жерлердеги калктын психикалык акыбалы экенин баяндайт.

Адамдардын кыйласы радиацияга дуушар болдук, баары бир өлөбүз, деген пессимисттик маанайга алдырып койуп, ден соолуктары үчүн такыр кам көрүшпөйт. Мындай пессимизмге адамдардын "Чернобыл кырсыгынан аман калгандар" катары эмес, "Чернобылдын курмандыктары", деп аталганы да кошул-ташыл болуп, жабыркагандардын келечекке болгон үмүтүн өчүргөн, делинет баяндамада.

Чернобыл атомдук электр станциясынан 30 чакырым радиустан алысыраак турган жерлерде радиациянын көлөмү норманын чегине түшкөн. Бирок андай болгону менен реактордон дагы бир балее чыкпайт дегенге кепилдик жок. Реакторду жапкан саркофагдын бөлүктөрү чет-четинен сынып, бүлүнүп келатат жана буга каршы тез арада чара көрүлбөсө реактордун табыты бир күнү кыйрап калышы ыктымал, деп эскертет эксперттер.

Бирок «Гриинпиис Интернешинел» уюмунун эксперттери бул баяндамада фактылар жакшылап чагылдырылган эмес, көптөгөн цифралар бири-бирине коошпойт, цифралардын кыйласы чындыкты жаап-жашырган режимдерден алынган, ошон үчүн алар кырсыктын курмандыктары тарткан залалды азайтып көрсөтүүдө, деп сындап жатышат. Уюмдун өкүлү Задепуте баяндамада кырсыктын Европанын башка өлкөлөрүнө тийгизген таасири жөнүндө такыр айтылбаганына нааразы.
XS
SM
MD
LG