Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:44

АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасына байланыштуу келишимге өзгөртүү кириши мүмкүн


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасынын мындан ары жайгашуу мөөнөтү эки тараптуу мамилелерге байланыштуу маселе. Ал эми Кытай Эл Республикасынын аскердик базасын Кыргызстанда жайгаштыруу жөнүндө Кытай тарап менен эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев Москвага барган иш-сапарынын учурунда берген пресс-конференцияда билдирди. Бул тууралуу 6-сентябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Курманбек Бакиев АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасынын жайгашуу мөөнөтү Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу болоору жөнүндө айтты. Курманбек Бакиев белгилегендей, АКШнын аскердик базасын жайгаштыруу боюнча 2001-жылда каралган келишимге өзгөртүүлөрдүн киргизилиши мүмкүн. Президент маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан мындан ары өкмөттүн кепилдиги менен чет өлкөлөрдөн кредиттерди албастыгын да билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG