Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮ МАМЛЕКЕТТИК КОЛДООГО МУКТАЖ


Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн жаңы үлгүсүн куруу багытында 10 жылдан бери аракеттер жасалууда. Айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкарууга байланыштуу чыгарылган мыйзамдар ишке ашпай, райондук, областтык администрациянын чиновниктери, аткаруу бийлигинин бири-бирин кайталаган структуралары реформанын жүрүшүнө тоскоолдук кылууда. Алардын пикиринде, министрликтер коррупцияланышып, элет жерине көңүл бурулбай келүүдө.

Өлкө аймагындагы 471 айыл өкмөттө 6 миңге чукул кызматкер эмгектенет. Бардык эле айыл өкмөттөрүнүн социалдык-экономикалык шарттары бирдей эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүгүү министрлигинин аракети менен Европа Биримдигинин ТАСИС программасынын жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосунда 10 жылдан бери жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү багытында бир катар иштер аткарылган.

Айыл өкмөт башчыларынын дээрлик көпчүлүгү аймактарда башкаруу системасы дале болсо мурдакы калыбынан жазбай келүүдө деген пикирде. Ысыккөл облусунун Жети өгүз районуна караштуу Ырдык айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Дүйшеев жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү багытында бир катар мыйзамдар чыкканы менен алар иш жүзүндө аткарылбаганын билдирди:

- Кыргызстанда мыйзамдар иштебесе, эч кандай иш алга жылбайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджети тууралуу мамлекеттик мыйзамдар чыгат. Ага карама-каршы Каржы министрлигинин токтомдору чыгат. Анан карама-каршылыктар көп болуп тиешелүү мыйзамдар иштебей жатат.

Ал ошондой эле райондук казына, каржы, салык, мамлекеттик каттоо кызматтарынын кайра-кайра текшерүүсү, жетекчилердин бюрократтык мамилеси айыл өкмөттөрүнүн өз алдынча өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатканына токтолду:

- Финансыга байланыштуу айрым иштер менен район же облуска кайрылсаң алар Республикага шылтайт. Каржы министрлигине барсаң район, облуска шылтайт. Эки ортодо футбол тобундай ары-бери ойното берет. А бизди коргой турган орган жок. Сотко кайрылсак алар облус, районго көз каранды болгондон кийин биздин арыздарды карабайт.

Ал эми Жетиөгүз районуна караштуу Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлсүн Чыныбаева жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнү тездетүү үчүн облустук, райондук администрацияларды тез аранын ичинде жоюш керектигин белгиледи:

- Облустарды ордунда калтыруу жаңы өкмөттүн губернаторлор менен келишүүчүлүгү. Облустар 2006-жылдан баштап жоюла башташы керек болчу. Буга өкмөт деле даяр болчу. Жаңы өкмөттүн мындай аракети туура эмес. Айыл жумуштарын жергиликтүү калк өздөрү бүтүрүп, элет көйгөйлөрүн чечүүгө айыл өкмөттөрү аракет кылып жатабыз. Тилекке каршы биз жыйналыштарга, жолугушууларга көп барып, негизги ишибизге тоскоолдук болууда.

Президенттин алдындагы башкаруу Академиясынын ректору Адылбек Султанбеков облустарды, райондорду жоюп жиберүү бир күндүк же бир айлык жумуш эмес экендигин, бул жумуш административдик реформанын ыкмаларын кылдат иштеп чыккандан кийин ишке ашарын белгиледи. Ошондой эле учурдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу айыл өкмөт кызматкерлерин окутуу керек, деген пикирде:

- Облус, райондорду эки жылдан кийин жоюш керек. Ага чейин өкмөт бардык жагын карап чыгышы керек. Ал эми коомдогу өзгөрүүлөргө, жаңы мыйзамдардын, реформанын багыттарына ылайык айыл өкмөт кызматкерлерин көп окутуу керек. Ансыз жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү кыйынга турат.

Каржы министрлигинин айрым өкүлдөрү айыл өкмөттөрүн кыскартуудан бюджеттик чыгаша азаят деген көз карашта. Айыл өкмөт башчыларынын көпчүлүгү калкы аз сандагы, жакыр айыл өкмөттөрүн бириктирип, жергиликтүү башкарууну күчтөндүрүүгө каршы эмес. Тилекке каршы коррупция министрликтерде башталып, «саны бар сапаты жок» кызматкерлер менен толукталууда, дейт Гүлсүн Чыныбаева:

-Коррупциянын башаты министрликтерде. Мисалы, мурда бир райондогу 40 миң гектар жерди айыл чарба депертаменти эле тейлөөчү. Азыр ал депертаменттен бөлөк мамлекеттик каттоо, БТИ жана башка кызматтардын байма-бай текшерүүсү, бир барак документти бүтүрүш үчүн ар кайсы кызматтарга кайрылып, жумалап, бир айлап убаракерчилик тартуу барып келип, айыл өкмөттөрүнүн ишине кедергисин тийгизүүдө. Жаңы өкмөт тез аранын ичинде элет жерине көңүл бурбаса, жакырчылык мындан да көбөйөт.

XS
SM
MD
LG