Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

ӨКМӨТ КЕЛЕРКИ ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИН ТАЛКУУЛООГО КИРИШТИ


7-сентябрда премьер-министр Феликс Куловдун төрагалыгы астында өкмөттүн жыйыны болуп, анда 2006-жылга бюджет долбоору талкууланды. Анын жүрүшүндө бул долбоорго карата бир катар сын-пикирлер айтылды.

2006-жылдын бюджет долбоору боюнча каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровго сөз берерден мурда премьер-министр Феликс Кулов өкмөт мүчөлөрүнө мындай өтүнүч менен кайрылды:

- Республикалык бюджет жөнүндө айтсак, министрликтер, тармактар, региондордун бардык муктаждыктарын 100% канааттандыруу үчүн дагы бир ушундай бюджет керек болот. Ошондуктан сунушталган, сиздер каржы министри менен бирдикте карап чыккан контролдук сандарга терең түшүнүү менен кароону суранам.

Андан кийин Акылбек Жапаров келерки жылдын бюджети тууралуу маалымат бере баштады. Анын маалыматы боюнча, 2006-жылдын бюджетинин параметрлери төмөнкүдөй:

- Ички дүң продуктынын көлөмү 111 миллиард 500 миллион сом болуп, өсүш 5 пайызга жетет. Ал эми инфляция 4.5 пайыз болоору белгиленүүдө. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 19 миллиард 349 миллион сом, чыгашасы 19 миллиард 825 миллион сом, ошону менен тартыштык 476 миллион сом болоору белгиленүүдө.

Ал эми салык саясатында келерки жылдагы өзгөчөлүктөр тууралуу Жапаров буларды билдирди:

- Келерки жылы пайдадан алынчу салыкты 10 пайыз, киреше салыгын 10 пайыз, социалдык фондко чегерүүнү 31 пайыздан 29 пайызга төмөндөтөбүз. Андан сырткары айыл чарбасынан кошумча нарк салыгын, өлкөгө алынып келинчү жабдуулардан кошумча нарк салыгын алууну токтотуу каралууда.

Бюджет жөнүндө маалымат берилгенден кийин талкуу башталды. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров бюджетти тартышсыз кылып түзүү маселесин көтөрсө, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, чек ара кызматынын жетекчиси Мырзакан Субанов чек арачыларга каражаттын аз бөлүнгөндүгүн билдирди.

Каржы министринин милдетин аткаруучу тартышсыз бюджет түзүү азырынча ишке ашпай жатканын, ал эми чек арачыларга кошумча каражат табылса эле каржылоо көбөйтүлөөрүн айтты. Бирок 2006-жылдын бюджетине нааразылык өкмөт мүчөлөрүнүн арасында күчөп, экология жана өзгөчө кырдаалдар, коргоо, ички иштер министринин милдетин аткаруучулар наарызылыктарын айтып чыкты.

Өзгөчө ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов кескин нааразылыгын билдирди:

- Ички иштер министрлиги бул бюджетке караманча каршы. Анткени бул бизди кемсинткен бюджет. Коргоо министринин сөзү боюнча алардын талабы 47 пайыз камсыз болуптур, ал эми биздики 28 пайыз гана камсыз болгон. Мен буга каршымын. Өлкөдө кандай окуя болбосун ички иштер министрлиги жумшалат, ал эми каржылоого келгенде мына ушундай көрүнүш.

Министрлердин нааразылыгын түшүнөөрүн, бирок бюджеттин абалына түшүнүү керектигин премьер-министр Феликс Кулов эскертти. Айта кетүүчү нерсе, келерки жылы өкмөт 3 миллиард 192 миллион сом тышкы карыз, 3 миллиард 846 сом ички карызды төлөөгө жумшоону караштырууда. Андан сырткары бюджет долбоору азыркы мыйзамдардын негизинде түзүлгөн. Ошондуктан министрликтер, облустар кыскарса, андан канча каражат бошойт жана ал кайда жумшалат азырынча так жазылган эмес.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG