Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

САДДАМ СОТКО АЗ КАЛГАНДА АЙЫБЫН МОЙНУНА АЛДЫБЫ?


Ирактын президенти Жалал Талабани түрмөдө отурган экс-лидер Саддам Хусейн күнөөсүн мойнуна алганын билдирди. Талабанинин айтымында, Саддам өз бийлиги тушунда өлтүрүлгөн кишилердин ысымдарын атап, ушу тапта иликтенип жаткан айрым кылмыш иштер боюнча баалуу маалымат берди. Жакында Ирак өкмөтү Саддамдын ишин караган сот 19-октябрда башталат деп жарыялаган.

Бул жаңылыкты шейшембиде мамлекеттик телеканалда чыгып сүйлөгөн Ирактын президенти Жалал Талабани жар салды:

- Мен Саддамды суракка алып жаткан тергөөчү менен жолуктум. Ал иликтөө иштери уланып жатканын айтып, жакшы кабар угузду. Анын айтымында, Саддам өтө олуттуу кылмыштар боюнча күнөөсүн моюнга алып, тийиштүү кагаздарга кол коюп бериптир.

Талабани андан ары маалымдагандай, түрмөдө отурган Саддам өз бийлиги тушунда адамдарды өлтүрүүгө буйрук бергенин, 1980-жылдары кырылган миңдеген күрттөрдүн өлүмүнө катышы бар экенин бышыктады.

- Өзү жасаган кылмыштар туурасында, мисалы, миңдеген күрттөр кырылган ал-Анфал кампаниясы анын жеке буйругу алдында ишке ашырылганын моюнга алды. Саддам өзү 20 жолу өлүм жазасына татыгыдай кылмыштарды жасаган экен. Аны өмүрүнөн ажыратууга жүздөгөн далилдүү себептер бар, - деп маалымдады Ирактын президенти, улуту боюнча күрт Жалал Талабани.

Ал жана Ирактын башка жетекчилери Саддамдын ишин тергөөгө эч ким кысым көрсөткөн жок деп кайталаганы менен, айрым эксперттер алардын бул сөздөрүнөн күмөн санашат. Лондондогу «Жэйнс маалымат тобу» уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча аналитиги Дэвид Хэртвелл Саддамдын ишин тергөө укмуштай саясатташып кетти деп эсептейт.

- Президент Талабани мындай маалыматы менен Конституцияга добуш берүү алдында Ирактык суннилерге басым көрсөтүү максатын көздөшү мүмкүн.

Саддам Хусейн – сунни агымынын өкүлү, ирактык суннилер 15-октябрда референдумга коюлуп жаткан жаңы Конституция долбоорундагы федералдык түзүлүш, шийилер менен күрттөрдүн таасирин арттырган жоболорго нааразы.

Көпчүлүк байкоочулар Саддамдын соту 19-октябрда башталаар алдында Ирактын президенти ал өлүм жазасына буйрулушу керек деп билдирүү жасаганын мыйзамга каршы кадам катары баалап жатышат. Бирок Талабанинин коомдук байланыштар боюнча кеңешчиси Хива Осман Ирактын президенти өзү эч убакта Саддамдын катаал өкүмүнө кол койбостугун билдирди.

- Талабани мырза Саддамга карата өлүм жазасына кол койбойм деп кайталап келатат, бирок ал андай чечимге бут тоспойт. Өкүмгө кол коюу озуйпасын ал вице-президентке өткөрүп берген.

Саддам Хусейндин адвокаттары ал күнөөсүн мойнуна алганын өз оозунан уга электигин айтышып, жакшылап коргонууга убакыт жетпей калгандыктан, сотту кийинкиге жылдырууну суранаарын кошумчалашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG