Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 8-сентябрда түнкүсүн республиканын айрым жерлеринде ал эми күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26 градус жылуу. Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +23...+28 градус. Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн +10...+15 градус, ал эми күндүз +18...+23 градус жылуу болот. Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24.
Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +13...+18, күндүз +22...+27 градус жылуу.

Бишкекте ала булут каптап турат. Күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы: түнкүсүн +16...+18, күндүз +24...+26 градус.

Күндүн узактыгы 12 саат, 52 мүнөт.

Кабарлар топтомун Бакыт Аманбаев, Чолпон Орозобекова жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG