Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25
БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Куловдун төрагалыгында 7-сентябрда Акүйдө өкмөт жыйыны өткөрүлдү. Анда 2006-жылдагы республикалык бюджеттин долбоору талкууланды. Каржы министри Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, бюджеттин кирше бөлүгү 19 миллиард, 349 миллион, 287 миң сом, чыгаша бөлүгү 19 миллиард, 825 миллион 317 миң сом болоору күтүлүүдө. Ошондой эле келээрки жылы өлкөнүн ички дүң жыйымынын өлчөмү өткөн жылга салыштырганда беш пайызга жогорулатылат. Инфляциянын өлчөмү 4,5 пайыз болуп, бир АКШ долларынын сомго карата алмаштыруу наркы 42 сом болоору күтүлүүдө. Республикалык бюджет долбоору парламент тарабынан кабыл алынгандан кийин күчүнө кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG