Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Азимбек Бекназаров Баткенде болду


БАТКЕН. 7-сентябрь күнү Башкы прокурор менен кошо келген президенттин түштүк аймактары боюнча өкүлү Алмамбет Матубраимов облус акимчилигин жыйындар залында Баткен коомчулугу менен жолугушуу өткөрүп, ал жерде каалоочулар ачык микрофон аркылуу кезек менен суроолорду берип жатышты. Суроолор негизинен март ыңкылабынан кийин деле Акаевдин убагындагыдай иш болуп жатканы, чегара маселелери, коррупция кайрадан күч алганы, ошондой эле облустардын жоюлушу туурасында болду. Азимбек Бекназаров прокуратурага тиешелүү суроолорго жооп берип, түштүккө келген сапарынын негизги максаты элдин арыз-муңун жер-жерлерде өз оозунан угуу экенин айтып, коррупциядан эл менен чиновниктер жакын болгондо гана арыла алабыз деген оюн айтты. Түшкү тыныгуудан кийин Башкы прокурор облустук прокуратурада баткендик атуулдардын арыздарын карап, жеке кабыл алуу жүргүздү.

XS
SM
MD
LG