Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Укук коргоочу топ Баш прокурорго кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Көз карандысыз укук коргоочу топ Баш прокурор Азимбек Бекназаровго кайрылуу жолдоп, Ош тергөө абагындагы 15 атуулду Өзбекстанга өткөрбөөнү суранды. “Кыргызстан Кыйноолорго каршы ковенцияга мүчө мамлекет катары бул атуулдарды Өзбекстанга кайтарууга укугу жок”, деп жазылат кайрылууда. Аталган уюмдун лидери Мария Лисицына билдиргенге караганда, Өзбекстанда кыйноо фактылары бар экени эл аралык укук коргоочулардын жана БУУнун кыйноолор боюнча комиссиясынын докладдарында да айтылып жүрөт.

Өзбекстандын Анжиян облусундагы май айында болгон козголоңдон кийин Кыргызстанга 500гө чукул адам качып кирген. 439 өзбекстандык атуул качкын макамын алып, үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлдү. Ал эми Өзбекстан кылмышкер деп эсептеген 15 атуул учурда Ош тергөө абагында кармалып турат.

XS
SM
MD
LG