Ооганстандын түштүгүндөгү Гелманд провинциясында жардыргыч заттар жүктөлгөн автомобиль жарылып, бир нече жолоочу жарадар болду. Автомобилди, жергиликтүү бийликтердин маалымдашынча, жанкечти айдап бараткан экен. Талиптердин өкүлү бутага америкалык аскерий кербен алынганын, жардыруудан эки машине иштен чыкканын билдирди. АКШ башындагы коалициялык күчтөрдүн өкүлү кабарды тастыктап, аскерлер жабыр тартпаганын маалымдады.