Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

Палестиндердин экстремисттик тобу Муса Арафатты атып кетти


Газа шаарынын коопсуздук кызматынын мурдакы башчысы Муса Арафаттын өлүмү үчүн жоопкерчиликти палестиндердин “Элдик каршылык көрсөтүү кыймылы” өзүнө алды. Муса Арафат Палестиндердин мурдакы лидери Ясер Арафаттын аталаш иниси. Ал бүгүн эрте менен үйүнө жасалган чабуулда өлгөн.
Куралдуу топ анын уулун уурдап кеткен. Палестин лидери Махмуд Аббастын жардамчысы Абдалла ал-Ифранжи кандуу калабаны айыптады:

- Бул калабалуу окуя Палестин аймагындагы кырдаалга олуттуу таасир этет. Окуя азыр Израилдин Газа тилкесинен чыгып кетүүсүнө таасир этпейт. Коопсуздук күчтөрү бул коркунучтуу окуяны уюштурган адамдарды табышы шарт.

XS
SM
MD
LG