Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

“КАТРИНА” БОРООНУ БОЮНЧА СЫНДЫ АКШ ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЧЕТКЕ КАГУУДА


Нарын АЙЫП, Прага АКШнын түштүк жээгин кыйраткан бороон-чапкындын алдын алууда кандай каталар кетирилгенин тергөө боюнча Америкада дагы бир комиссия түзүлмөй болду жана аны президент Жорж Буш өзү жетектейт. Эл арасында болсо президентке болгон ишеним улам азайып баратат.

"Катрина" деген бороон-чапкын АКШга тийердин алдында өткөрүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча президент Жорж Бушка өлкө калкынын 45 гана пайызы ишенген жана ал көрсөткүч Буштун төрт жарым жылдык башкаруусундагы эң төмөн деңгээлге жеткен. Жаңы сурамжылоолор боюнча болсо, АКШ калкынын үчтөн экиси бороондун алдын алуу боюнча өкмөт жана жергиликтүү бийлик жетиштүү чара көргөн эмес деп эсептейт, ошондуктан президент Буштун рейтинги дагы төмөндөйт деп күтсө болот.

Жайкы эс алуудан кийин 5-сентябрда жумушка киришкен Конгресстин Сенаты дароо "Катрина" боюнча тергөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түздү. Ошол эле күнү президент Буш атайын билдирүү жасап, ал өзү дагы атайын тергөө комиссиясын жетектей турганын жарыялады:

- Мен эмне кылайын дегеним - мен өзүм тергөө иштерин жетектейм. Эмне туура жана эмне туура эмес жасалганын табуу керек. Ири кырсык болгондо федералдык өкмөт, штаттын жетекчлиги жана жергиликтүү бийлик ортосундагы байланыштар кандай болуш керек экенин түшүнүү өтө маанилүү. Анын себеби - биз эмгиче турукпашпаган дүйнөдө жашаганыбызда.

Каржы министри Жон Сноунун айтымында, бороондон тийген зыян өлкөнүн бир жылдык экономикалык өсүшүн жарым пайызга азайтат, айрым эксперттер ал зыян 100 миллиард долларга жетет деп айтууда, "Уолл стрит жорнел" гезити болсо 200 миллиард доллар тууралуу жазды.

"Файнэншл таймс" гезитинин жазышынча, өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттикке бөлүнгөн каражаттарды президент Буштун өкмөтү акыркы жылдарда такай кыскартып келген, анткени бардык каражат Ирак согушуна жумшала баштаган. Ар башка булактардан эскертүү жасалганына карабай, 2001-жылдын сентябрындагы террордук аракеттердин алды алынбай калгандын себеби дагы - ал террордук чабуул жасалганга чейин эле президент Буш Ирак согушуна даярдана баштаган. Ооганстандагы согуш аягына чыга электе Буш Иракка чабуул жасагандыктан көптөгөн каражат короп, Нью-Орлеанды деңизден бөлүп турган дамбалар оңдолбой калган, - деп жазат "Файнэншл таймс".

Коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында болсо, ооган менен ирак согуштарынын АКШнын ички маселелерине тийешеси жок:

- Мен ачыктык киргизейин. Террорчулукка каршы дүйнөлүк согушту дагы аягына чыгарып жана өз өлкөбүздө болгон кырсыктардын кесепеттерин жоюуга бизде күч да жетиштүү жана биз ага көңүл да буруп жатабыз. Биз эки ишти тең бүтүрө алабыз.

Калифорниядагы Беркли университетинин профессору Брэд Делонгдун айтымында болсо, АКШ президенти азыр падышаныкындай укуктарга ээ жана андай болбогондо, эл аны мурда эле кызматтан четтетип салмак.
XS
SM
MD
LG